Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:17

Гутерриш Жакынкы Чыгыш маселесинде сабырдуулук көрсөтүүгө чакырды


Антониу Гутерриш.
Антониу Гутерриш.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш Ирандын Израилге чабуулу аймактык согушту тутандырышы ыктымал деген кооптонуу жаралып, Кошмо Штаттар Израилдин коопсуздугу үчүн «темирдей бекем турууга» даярдыгын билдирип, бирок кандайдыр бир жооп чараларына катышпай турганын айткан чакта «мүмкүн болушунча сабырдуулук» көрсөтүүгө чакырды.

15-апрелде БУУнун бул маселеге байланыштуу уюштурулган чукул жыйынында сүйлөп жатып ал: «Жакынкы Чыгыш туңгуюкка кептелүү коркунучунда турат… Азыр кырдаалды жөнгөрүү жана абалдын курчушуна жол бербөө керек», — деди.

БУУдагы жыйында Израилдин бул уюмдагы элчиси Гилад Эрдан Ирандын чабуулун айыптап, абалды «болуп көрбөгөндөй чыңалуу» деп атады, ал эми Ирандын элчиси Саид Иравани чабуул «зарыл жана шайкеш» болгонун, «коргонуу» максатында гана жасалганын айтты.

14-апрелге караган түнү Иран Израилге каршы жапырт чабуул жасаган. Израил армиясынын (ЦАХАЛ) маалыматына караганда, 170 учкучсуз учак, 120дан ашуун баллистикалык ракета, 30дай канаттуу ракета колдонулду, бирок Израил өзү жана союздаштары ошонун 99%, анын көбүн өлкөдөн тыш аймактан атып түшүрүүгө үлгүрдү. Ракеталардын бир нечеси гана Израилдин өзүнө жетип, түштүктөгү авиабазалардын бирине тийип, «анча олуттуу эмес» зыян келтиргени, жети жашар бир кыз гана жараат алганы кабарланды. (RK)

XS
SM
MD
LG