Бишкекте мектепте чыккан өрт өчүрүлүп, 600 адам эвакуация болду

Мектеп-интернатынын өрт чалган чатыры.

12-апрелде Бишкектин Ленин районундагы Барпы Алыкулов көчөсүндө жайгашкан мектеп-интернаттын залынан чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, тилсиз жоону өчүрүүгөө эки бригада тартылып, 600дөй адам эвакуация болду. Өрттөн жабыркагандар жок. Маалымат боюнча, залдын чатырынын 50 чарчы метри күйүп, мектепти түтүн каптаган.

Кыргызстанда 2023-жылы баш-аягы 3 497 өрт кырсыгы катталып, андан 35 адам каза болуп, дагы 31 киши жаракат алган. Өткөн жылы тилсиз жоо 1 млрд 410 млн 377 миң сом материалдык зыян алып келген.

Өрт кырсыктарынын көбү электр жабдууларын этиятсыз колдонуудан улам чыккан. Андан тышкары мештерди жана морлорду колдонууда да өрт коопсуздугу сакталбаганы негиз болгон. (BTo)

Дагы караңыз

ТИМ орус полициясынын Москвадагы элчиликтин кызматкерине жасаган мамилесин айыптадыБарак эксклавынын тургундары Кара-Суу районуна көчүрүлүп жататКыргызстандын авиатармагына дагы бир компания кошулдуГрузияда “Чет элдик агент” мыйзамына каршы чыккан демонстрант соттолдуМинистрлик оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларынын нааразылыгына үн катты Орусиялык армия Украинага дрон жана ракета менен сокку урдуКыргызстанда кызамыкка чалдыккандар 8 миңге жакындадыСадыр Жапаров кыргыз тили боюнча төраганын демилгесине пикирин айтты