Быйыл Орозо айт майрамы 10-апрелде белгиленет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
9-апрель - Орозонун акыркы күнү, ал эми 10-апрелде Орозо айт майрамы болот.
Быйыл Орозо 11-мартта башталган. Рамазан айында мусулмандар 30 күн (айдын жаңырышына байланыштуу кээде 29 күн болот) орозо кармайт. Орозо айт майрамы менен жыйынтыкталат.
Айт намазы адатта өлкөдөгү бардык мечиттерде, аянттарда окулат. (BTo)
Дагы караңыз
Шайлообек Атазов мандатына байланыштуу шаардык сотко кайрылды Көзү ачык, бүбү-бакшыларды жарнамалоого тыюу салуу сунушталды Бишкекте митингдерди чектеген чечим дагы үч айга узардыКыргызстанда насыя алгандар 10% көбөйдү Бишкек ЖЭБин оңдоого кытайлык ТВЕА компаниясынын адистери келет Парламент комитети бала бакчадагы тамак боюнча мыйзамды колдоду УКМК Көлбаевдин уюшкан тобунун мүчөсү кармалганын билдирди