Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:30

Парламент комитети бала бакчадагы тамак боюнча мыйзамды колдоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети "Билим берүү жөнүндө" мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү мыйзам долбоорун үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алды. Бул мыйзам долбоорунда бала бакчаларга тамак-аш мамлекеттик казынадан каржыланары жазылган.

2023-жылы күзүндө Каржы министрлиги Кыргызстанда бала бакчаларда тамактанууну уюштуруу ата-энелердин эсебинен ишке ашырыларын билдирген. Министрлик буга ошол жылы 11-августта "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынганын негиз кылган.

Мыйзамдын 28-беренесинин 6-пунктунда "мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) эсебинен жүзөгө ашырылат" деп жазылган.

Бул маалымат коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, депутаттар мыйзамды өзгөртүүнү сунуштаган.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда 1-6 жаштагы 960 миңдей баланын 740 миңдейи бала бакчага барбайт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG