Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:27

Көзү ачык, бүбү-бакшыларды жарнамалоого тыюу салуу сунушталды


Бишкектеги көчөлөрдүн биринде отурган төлгөчү. Архив сүрөт.
Бишкектеги көчөлөрдүн биринде отурган төлгөчү. Архив сүрөт.

Жогорку Кеңеште “Жарнама жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизип, көзү ачык, бүбү-бакшыларды жарнама кылууга тыюу салуу сунушталууда. Парламенттин Социалдык саясат боюнча комитети мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Демилгечи депутаттардын бири Марлен Маматалиев мыйзам долбооруна Министрлер кабинетинин оң корутундусу бар экенин айтты.

“Телени карасаңар шумдук, ар кандай сөздөрдү жазып алып жарнама кылышат. Өздөрү кыйын болуп, бирөөнүн жолун чындап ача турган болсо, аларга жарнаманын кереги эмне? Мындайлар болуп келген, маселе жок. Бирок жарнамалоого тыюу салалы деп жатабыз. Теледен, социалдык тармактар, интернет жана көчөлөрдөгү бардык жерден аларды жарнамалоого тыюу салынат”, - деди Маматалиев.

Кыргызстанда көзү ачыктык, бакшылык кылып, төлгө тарткандарга мыйзам тыюу салбайт. Базарларда, социалдык тармактарда жана менчик телеканаларда “жол ачам, ооруларга дабаа табам” деген сыяктуу жарнамалар жарыяланып турат. (TSh)

XS
SM
MD
LG