Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:35

Бишкек ЖЭБин оңдоого кытайлык ТВЕА компаниясынын адистери келет


Энергетика министрлиги тараткан сүрөт.
Энергетика министрлиги тараткан сүрөт.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 31-мартта Бишкек жылуулук борборунда (ЖЭБ) кытайлык ТВЕА компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Чжан Синь менен жолукту.

Аталган министрликтен кабарлашкандай, анда ЖЭБдин №3 жана №4 блокторун оңдоо, эскилиги жеткен жабдууларды алмаштыруу тууралуу сөз болду.

"Жолугушууда ТВЕА ЖЭБдин №3 жана №4 блокторун оңдоо өнөктүгүнүн алкагында адистерин жөнөтүү чечими кабыл алынды. Алар кыргызстандык адистерди мындан ары өз алдынча оңдоо иштерин жүргүзүүгө даярдап, окутат", - деп жазылган маалыматта.

ТВЕА компаниясы 2014-2017-жылдары Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иштерин жүргүзүп, 2018-жылы январда анда авария болгондон кийин чуу башталган.

Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иштери козголгон. Бул үчүн мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Сапар Исаков баштаган бир топ жетекчиге айып тагылып, түрдүү жаза мөөнөттөрү чегерилген.

2-февралда таңкы саат 3төр чамасында ЖЭБде катуу жарылуу болуп, электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган.

Натыйжада борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелип, 5-февралда толук калыбына келтирилген.

ЖЭБдеги авариядан беш адам жабыркаган. Алардан экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга жөнөтүлүп, дарыланып жатат.

Өткөн аптада ЖЭБдеги авариянын себептерин аныктоо үчүн түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын корутундусу даяр болгон. Энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев “Азаттыкка” кырсыкка айрым кызматкерлер жана эскилиги жеткен жабдыктар негиз болгон деген тыянак чыгарылганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG