Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:52

Бишкекте митингдерди чектеген чечим дагы үч айга узарды


Бишкектеги акциялардын бири. Архив сүрөт.
Бишкектеги акциялардын бири. Архив сүрөт.

Бишкекте жергиликтүү бийликтин митинг-пикеттерди чектеген чечиминин мөөнөтү дагы үч айга узартылып, 30-июнга чейин борбордук аянтта жана айрым көчөлөрдө тынч жыйындарды өткөрүүгө тыюу салынды.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту ушул эле райондун администрациясынын тынч жыйындарды өткөрүүнү чектөө тууралуу арызын 29-мартта карап, канааттандырган чечим чыгарган.

Райондук администрациянын 29-марттагы чечиминде тынч жыйындарды өткөрүүгө 1-апрелден 30-июнга чейин бир катар жерлерде тыюу салынары айтылат.

Ала-Тоо аянты жана Эркиндик бульварынын темир жол вокзалынан аянтка чейинки тилкеси, Жогорку Кеңештин айланасы жана анын жанындагы Панфилов паркы, Өкмөт үйү жана анын жанындагы Турсунбаева атындагы бакча.
Жогорку Соттун, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жанындагы жерлер, Ички иштер министрлигинин алды.

Бул чектөө 2022-жылдын март айында эле кабыл алынган. Ошондон бери мөөнөтү улам үч айга узартылып келе жатат.

Акция өткөрүүнү каалагандар Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага гана чогулса болот. Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму дүйнөдөгү 2023-жылдагы адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасында Кыргызстанда жарандардын тынч жыйындарга чогулуу укугу бузулуп, 2022-жылы Бишкектин борбордук аянттарында акция өткөрүүгө салынган тыюу утур-утур узартылып келатканын билдирди. (TSh)

XS
SM
MD
LG