Бишкектин быйылкы бюджети 32,5 млрд сом болуп бекитилди

Бишкек шаарынын мэриясы.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 29-мартта 2024-жылдын консолидацияланган бюджетин бекитти. Ага ылайык, быйыл борбор калаанын киреше жана чыгаша бөлүгү 32,5 миллиард сомдон ашат.

Мунун ичинен Бишкек шаары өзү быйыл 24,5 млрд сомдон ашык каражатты табат. Анын 16 млрд сомдон көбү салыктык кирешелер, 2 млрд сомдон ашыгы салыктык эмес кирешелер жана 6 млрд сомдон ашыгы активдер менен милдеттенмелерден келет.

Республикалык бюджеттен быйыл шаарга 7 миллиард сом бөлүнөт. Анын 4,3 млрд сому автобустарды сатып алууга, 2,5 млрд сому Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин эмгек акы төлөө фонду боюнча чыгашаларын жабууга жана 54,9 млн сому “Коопсуз шаар” долбоорун камсыздоого жумшалат.

Мындан сырткары мэрия шаарга кошулуп жаткан айыл аймактарын каржылоо үчүн 868 млн сом алат.

2023-жылы Бишкек шаарынын бюджети 22 млрд 869,5 млн сом деп бекитилген. Жыл жыйынтыгында калаанын өзүнүн кирешеси 23 млрд 185,7 млн сом менен чыккан. Мэрия былтыр ошондой эле конкреттүү максаттар үчүн республикалык бюджеттен 7 млрд 192,3 млн сом каражат алган.

Дагы караңыз

Болгария менен Румыния Шенгенге жарым-жартылай кошулду Токаев суу ташкыны болгон аймактардын акимдерине катуу сөгүш бердиКыргызстан “Чалдовар” ЖЭСин Орусия менен чогуу курат Кыргыз-тажик чек арасында дагы 28,37 чакырым тилке макулдашылдыТашиев Орусиядагы мигранттарга каршы маанай тууралуу айтты Садыр Жапаров ЖЭБдеги кырсыктан кийинки абал менен таанышты Москвадагы терактта жараат алгандардын саны 551ге жеттиАнаньево айылдык кеңешинин төрагасы Көлбаевдин тобунун мүчөсү деп кармалды Орусия: маңзат соодасына аралашкан кыргызстандыктар маселеси талкууланды