Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:27

Кыргызстан “Чалдовар” ЖЭСин Орусия менен чогуу курат


Таалайбек Ибраев менен Николай Шульгинов.
Таалайбек Ибраев менен Николай Шульгинов.

Кыргызстан менен Орусиянын энергетика министрлери Таалайбек Ибраев менен Николай Шульгинов “Чалдовар” жылуулук электр станциясын (ЖЭС) куруу жаатында меморандумга кол койду. Бул тууралуу Кыргызстандын Энергетика министрлиги кабарлады.

“Документ “Чалдовар” ЖЭСин куруу долбоорун ишке ашыруунун алкагында тиешелүү кыргыз-орус уюмдарынын кызматташуусуна багытталган. Кыргызстандын аймагында энергетика жаатында дагы башка долбоорлорду иштеп чыгууну дагы көздөйт”,-деп жазылган маалыматта.

Апта башында Кыргызстандын энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев жакында орусиялык “Росатом” корпорациясы менен чакан атомдук электр станциясын (АЭС) курууга байланыштуу келишим түзүлөрүн билдирген.

Тараптар АЭС тууралуу сүйлөшүүлөрдү 2022-жыл жаңырганда баштаган. Анда бул маселе коомчулукта талаш-талкуу, нааразылык дагы жараткан.

Кыргызстанда соңку жылдары электр энергиясынын таңкыстыгы көбөйүп жатат. Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө жалпысынан 14 млрд кВтка жакын электр энергиясы өндүрүлөт, керектөө болсо 17 млрд кВтка чейин жетет.

Кыргыз өкмөтү соңку эки жылдан бери таңкыстыкты жабуу үчүн Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстандан 3 млрд кВт электр тогун импорттоп жатат. Кыргыз өкмөтү былтыр августтан тарта энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режимин киргизип, электр энергиясын өндүрүүнүн жаңы булактарын ишке ашыруу максаты коюлганын билдирген.

XS
SM
MD
LG