Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

Садыр Жапаров ЖЭБдеги кырсыктан кийинки абал менен таанышты


Бишкек Жылуулук электр борборундагы жарылуу. 2-февраль, 2024-жыл.
Бишкек Жылуулук электр борборундагы жарылуу. 2-февраль, 2024-жыл.

Президент Садыр Жапаров 30-мартта Бишкектеги Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) күтүүсүз барып, авариядан кийинки оңдоо иштери менен таанышты. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Президент 2-февралда түзүлгөн штаттан тышкаркы кырдаалдан кийин жүргүзүлгөн оңдоо иштеринин жыйынтыгы менен таанышып, Бишкек ЖЭБиндеги пландаштырылган бардык иш-чараларды белгиленген мөөнөтүндө аягына чыгарууну тапшырды”.

Алагөзов Садыр Жапаров бул күнү Бишкектеги муниципалдык автобустарды оңдоп-тейлеген борборго дагы күтүүсүз барганын билдирди.

“Кыдыруу учурунда Жапаров шаардагы коомдук автоунаалардын иши кыйла жакшырганын, жыл сайын муниципалдык автобустардын саны көбөйүп, накталай эмес төлөм тутуму киргизилгенин белгиледи. Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылуу үчүн автоунаалардын техникалык абалына жана айдоочуларды даярдоого өзгөчө көңүл бурууну тапшырды”, - деп жазды.

Өткөн аптада ЖЭБдеги авариянын себептерин аныктоо үчүн түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын корутундусу даяр болгон. Энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев “Азаттыкка” кырсыкка айрым кызматкерлер жана эскилиги жеткен жабдыктар негиз болгон деген тыянак чыгарылганын билдирген.

2-февралда таңкы саат 3төр чамасында ЖЭБде катуу жарылуу болуп, электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган.

Натыйжада борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелип, 5-февралда толук калыбына келтирилген.

ЖЭБдеги авариядан беш адам жабыркаган жана экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга жөнөтүлүп, дарыланып жатышат.

Өткөн аптада жабыркаган кызматкерлердин бири дары-дармекке акча бөлүнгөнүн, бирок кенемте төлөнбөй жатканын айтып, өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдогон.

XS
SM
MD
LG