Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:15

Ташиев Орусиядагы мигранттарга каршы маанай тууралуу айтты


22-мартта Москвадагы концерттик залдагы куралдуу кол салууда кеминде 144 кишинин өмүрү кыйылган.
22-мартта Москвадагы концерттик залдагы куралдуу кол салууда кеминде 144 кишинин өмүрү кыйылган.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Москвадагы кол салууга байланыштуу пикирин билдирди. Ал 30-мартта Фейсбуктагы баракчасына бул окуядан улам Орусияда мигранттарга каршы маанайдын жаралуусуна жол берилбесине үмүт кыларын жазды.

"Кыргызстан "Крокус Сити Холлдогу" окуяга терең кайгыруусун билдирет. Террорчулардын улуту болбойт. Улуттук касчылыкты козуткусу келген террорчул уюмдарга жетеленип бүтүндөй бир улутту айыптоого, Орусиядагы мигранттарга каршы маанайдын түзүлүшүнө жол берилбеши керек. Өзүм тараптан Тажикстандын атайын кызматынын чынчыл экенин белгилеп кетейин. Алардын террористтик жана экстремисттик уюмдарга каршы күрөшү тынымсыз уланып жатат. Азгыргандардын таасирине бардык эле өлкөнүн жарандары кабылып калышы ыктымал эле. Теракт уюштурууга буйрутма бергендер бир өлкөнүн жарандарын жөн жерден тандап алган жок. Достук мамиледеги мамлекеттердин атайын кызматтарынын биргелешкен аракеттери “псевдоисламчылардын” кылмыштуу ниетинин ишке ашуусуна жол бербейт деп ишенем”, - деп жазды Ташиев.

22-мартта Москвадагы концерттик залдагы куралдуу кол салууда кеминде 144 кишинин өмүрү кыйылды. Соңку маалыматка караганда, 382 адам жараат алды. Алар камуфляж кийген төрт кылмышкердин туш келди чыгарган огунан, андан кийин башталган өрттөн каза болду. Айрымдары оор абалда ооруканага жеткирилип, ошол жактан үзүлгөн.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикал тобу өз моюнуна алган. Федералдык коопсуздук кызматы калабага байланыштуу 11 шектүү кармалганын билдирген. Алардын ичинен тажикстандык төрт киши “теракты ишке ашырууга” шек саналып, эки айга камалган.

Андан сырткары "кол салууга байланышы бар" деген шек менен Исроил Исломов уулдары Аминчон жана Диловар менен камалды. Ошондой эле теги кыргызстандык, орус жараны Алишер Касимов да кармалды.

XS
SM
MD
LG