Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

Ананьево айылдык кеңешинин төрагасы Көлбаевдин тобунун мүчөсү деп кармалды


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) атайын операцияда атып өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү деген шек менен Ысык-Көл облусундагы Ананьево айылдык кеңешинин төрагасы М.С.К кармалганын билдирди. Аны кримавторитеттин колдоосунан пайдаланып аталган айыл аймагындагы 42 гектар айыл чарба багытындагы жерди мыйзамсыз колдонуп келген деп айыптады.

“Маркум Камчыбек Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, Ананьево айылдык кеңешинин төрагасы М.С.К. 42 гектар айыл чарба багытындагы жерди тиешелүү төлөмдөрдү төлөбөстөн жана укукту күбөлөндүргөн документи жок пайдаланып жүргөнү аныкталды. Ал 28-мартта кармалып, 29-мартта Каракол шаардык сотунун чечими менен эки айга камалды. Учурда тергөө иштери уланууда”, - деп жазылган маалыматта.

Кылмышка шек саналган адамдын жакындары жана жактоочусу буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Кримтөбөл Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда УКМКнын операциясы маалында жок кылынган. Бул окуядан кийин атайын кызмат Кыргызстандагы криминалга каршы күрөш баштаганын жарыялап, Көлбаевге тиешеси бар деген негизде бир нече кишини кармады. Алардын арасында саясатчылардан баштап, ишкерлер, кылмыш топторунун мүчөлөрү бар.

Мындан тышкары Көлбаевдин өзүнө таандык жана анын көмөгү, “кылмыштуу каражаттары” менен ишке ашкан турак жайдан баштап, коттеждер, жер участоктору, кымбат баалуу автоунаалар жана ар кандай объектилер мамлекетке өткөнү белгилүү болду. УКМК Көлбаевдин 1 млрд долларлык мүлкү аныкталып, алардын дээрлик баары камакка алынганын жарыялаган.

Кармалгандар арасында Көлбаевге таандык ар кандай бизнестерди жүргүзүп кызмат көрсөткөн делген бир нече адам кармалып, аларга кылмыштуу мүлктөрдү адалдоо айыбы коюлган.

XS
SM
MD
LG