Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:22

Токаев суу ташкыны болгон аймактардын акимдерине катуу сөгүш берди


Казакстанда айрым аймактардын тургундары эвакуацияланып, өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Казакстанда айрым аймактардын тургундары эвакуацияланып, өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев айрым региондордогу ташкынга байланыштуу 30-мартта ыкчам кеңешме өткөрдү. Акордонун маалыматына караганда, анда жергиликтүү бийлик башчыларын, өкмөттү сынга алды.

“Касым-Жомарт Токаев шалаакылыгын жана кесипкөй эместигин айтып өкмөттү жана акимдерди кескин сынга алды. Анын сөзүнө караганда, өкмөт менен жергиликтүү бийликтин ортосунда координация болгон эмес. Президент жабыр тарткан аймактарда тургундардын мал-мүлкү зыянга учураганына байланыштуу өкүнүчүн билдирди. Жабыркагандардын баарына материалдык жардам берилерин айтты”,-деп жазылган маалыматта.

Жыйында убагында чара көрбөгөнү үчүн премьер-министрдин биринчи орун басары Роман Склярга, суу ресурстары жана ирригация министри Нуржан Нуржигитовго, Атырау, Акмола, Алматы, Павлодар, Абай облустарынын акимдерине катуу сөгүш берди. Актөбө, Костанай жана Батыш-Казакстан облустарынын акимдери кызматына толук ылайык эместиги тууралуу эскертүү алды.

Жагдайга байланыштуу премьер-министр башында турган республикалык штаб түзүлдү. Мамлекеттик түзүмдөргө кырсыктын кесепетин тактоо, мындай абалдын алдын алуу үчүн комплекстүү чараларды иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Казакстандын он облусунда суу ташкыны болду. Айрым аймактардын тургундары эвакуацияланып, өзгөчө кырдаал жарыяланды. Кээ бир облустарда абал оор. Жүздөгөн үйдү, короо-жайды суу каптап, мал-жандык кырылды. Жергиликтүү тургундар бийликти кырсыктын алдын алууга даярданбаганы үчүн сынга алышууда.

XS
SM
MD
LG