Болгария менен Румыния Шенгенге жарым-жартылай кошулду

Болгария менен Румыния 31-марттан тарта Шенген зонасына жарым-жартылай кошулду.

Ага ылайык, эки өлкөнүн Шенген келишимине мүчө өлкөлөр менен аба жана деңиз чек ара тилкелеринде көзөмөл толук жоюлду. Ал эми жердеги чек арасындагы көзөмөл азырынча кала берет.

Европа Биримдигинин Кеңеши былтыр 31-декабрда Болгарияны жана Румынияны Шенген аймагына жарым-жартылай кошуу тууралуу чечим кабыл алган.

Толук эмес кабыл алуу тууралуу чечим Европа Биримдигинин тарыхында алгачкы жолу болгон.

Еврошаркет эки өлкөнү Шенгенге кошуу туризм жана соода-сатык алакасын кеңейтүүгө шарт түзөрүн айтып келген.

Болгария жана Румыния Еврошаркетке 2007-жылы мүчө болгон. Еврокомиссия аларды Шенген аймагына интеграциялоого даярдыгын 2011-жылы эле билдирген, бирок биримдиктин айрым мүчөлөрү бул эки өлкөдө коррупция бар экенин, алар чек аранын коопсуздугун камсыз кыла албай турганын жүйө келтирип жүргөн.

Австрия жана Нидерланд мыйзамсыз миграция агымы күчөйт деген да кооптонуусун айткан.

Дагы караңыз

Токаев суу ташкыны болгон аймактардын акимдерине катуу сөгүш бердиКыргызстан “Чалдовар” ЖЭСин Орусия менен чогуу курат Ташиев Орусиядагы мигранттарга каршы маанай тууралуу айтты Садыр Жапаров ЖЭБдеги кырсыктан кийинки абал менен таанышты Axios: Израил Газага араб аскерлерин жайгаштырууну сунуштадыАнаньево айылдык кеңешинин төрагасы Көлбаевдин тобунун мүчөсү деп кармалды Орусия: маңзат соодасына аралашкан кыргызстандыктар маселеси талкууландыМинистрлик Нарында брюссель капустасын айдоону сунуштады