27-мартта Ош шаардык сотунда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдордун бөгөт чарасы карала баштады. Бул тууралуу “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы билдирди.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) эл аралык издөөдө жүргөн мурдагы бажычы Райымбек Матраимовду жана анын бир туугандарын 26-мартта Азербайжандын борбору Баку шаарынан Бишкекке алып келген.
Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (“Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу”) жана 222-беренеси (“Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Ушул тапта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда анын бөгөт чарасы каралууда.
Атайын кызмат мурдагы бажычынын бир туугандарынын иши тууралуу маалымат бере элек.
2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген.
Ал күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.
Райымбек Матраимов былтыр октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев Бишкекте атайын операцияда өлтүрүлгөндөн кийин Кыргызстандан чыгып кеткен.
Январь айында УКМК Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. (BTo/DSh)
Дагы караңыз
Баткенде милиция каттоодон өтпөдү деген медресенин ишин текшерүүдө Израил барымтадагыларды бошотуу маселесин көтөрдүРайымбек Матраимов Биринчи Май райондук сотуна жеткирилдиШаардык сот журналист Бузумовдун бөгөт чарасын 1-апрелде карайтАкылбек Жапаров медицина тармагын каржылоо көбөйгөнүн билдирди11 журналисттин иши: сот үч кишинин бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырдыКазакстандын сел каптаган аймагында элдин нааразылыгы айтылдыАКШнын Орусиядагы элчиси америкалык журналистти бошотууну талап кылдыБир жыл ичинде Ысык-Көлдөн 22,5 тонна таштанды чыгарылды АКШда көпүрөдөгү кырсыктан алты киши каза болгону кабарланды