Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:50

Райымбек Матраимов Биринчи Май райондук сотуна жеткирилди


Райымбек Матраимов Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда. 27-март, 2024-жыл.
Райымбек Матраимов Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда. 27-март, 2024-жыл.

Азербайжандын Баку шаарынан кармалып, Кыргызстанга алынып келген Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 27-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жеткирилди. Райондук сотто анын бөгөт чарасы каралат. Ал сот залына кирердин алдында “Азаттыктын” журналистинин коюлуп жаткан айып тууралуу суроосуна комментарий берген жок.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) эл аралык издөөдө жүргөн мурдагы бажычы жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор 26-мартта Бакудан Бишкекке алынып келгенин билдирген.

Атайын кызмат Райымбек Матраимов “мыйзамдагы ууру” Камчыбек Көлбаев (Камчы Асанбек) менен тыгыз байланышта болуп бажы кызматынын кызматкерлеринен жана мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөнүн кабарлаган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (“Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу”) жана 222-беренеси (“Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Райымбек Матраимовдун бир туугандары тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Ошко жеткирилгенин жазды. Атайын кызмат азырынча бул маалыматты ырастай элек.

2021-жылы УКМК Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген.

Матраимов күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Райымбек Матраимов былтыр октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев Бишкекте атайын операцияда өлтүрүлгөндөн кийин Кыргызстандан чыгып кеткен.

Январь айында УКМК Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. (BTo/TSh)

XS
SM
MD
LG