Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:32

Акылбек Жапаров медицина тармагын каржылоо көбөйгөнүн билдирди


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров соңку үч жылда Кыргызстанда саламаттык сактоо тармагын каржылоо көлөмү үч эсе көбөйгөнүн билдирди. Бул тууралуу Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн эл аралык медициналык конгрессинде сүйлөп жатып айтты.

Анын маалыматына ылайык, бул тармакка 2019-жылы 19 млрд, 2023-жылы 38 млрд сом бөлүнгөн. Медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасын жаңылоо иштери жүрүп жатат.

“Жети аймактык оорукана тең жаңы МРТ аппараттары менен камсыздалып, аймактарда төрт компьютердик томография борбору ачылды. Эки жыл ичинде 335 жаңы "Тез жардам" автоунаасы сатып алынган. Тилекке каршы, бөйрөк оорусунан жабыркаган жарандардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Гемодиализ менен ооругандарга жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 2,2 миллиард сомдон ашык каражат каралган. Өлкө президентинин демилгеси менен өткөн жылы Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу операциялары башталып, атайын жабдыктарды алууга Президенттик фонддон 1 миллион доллар бөлүнгөн”, - деди Жапаров.

Академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун алкагында кескин миокард инфаркты менен ооруган бейтаптарга жардам көрсөтүү үчүн “Тез жардам кардиология” программасы кирип жатканын билдирди. Бул үчүн 1,5 миллион долларлык “Aзурион 7” ангиографиялык аппараты орнотулганын кошумчалады.

Бүгүн, 27-мартта Бишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн академик Мирсаид Миррахимовдун жаркын элесине арналган эл аралык конгресси өтүүдө. Ага 400гө жакын медицина кызматкерлери, академиктер жана окумуштуулар катышууда.

Медицина илимдеринин доктору, академик Мирсаид Миррахимов 39 жашында профессор болгон. Анын сунушу менен 1963-жылы 15 союздук республиканын ичинен Кыргызстандын борбор калаасында кардиология бөлүмү ачылган. Өпкө гипертония оорусу жөнүндө жазып, Төө-Ашууда өзгөчө оорукана ачууга салым кошкон. 700дөй илимий эмгек жазып, 20га жакын ойлоп табууну иштеп чыккан.

XS
SM
MD
LG