Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:19

АКШнын Орусиядагы элчиси америкалык журналистти бошотууну талап кылды


Линн Трейси.
Линн Трейси.

АКШнын Орусиядагы элчиси Линн Трейси орус бийлиги камакта кармап отурган америкалык журналист Эван Гершковичти бошотууну талап кылды.

Гершкович өзүнүн журналисттик ишин аткарып жатканы үчүн гана кармалып, камакка алынганы акыйкатсыздык экенин белгилеген элчи «Кремль аны жана камактагы башка америкалык жарандарды өзүнүн саясий оюндары үчүн колдонууда» деп айыптады.

26-мартта Москва шаардык соту The Wall Street Journal басылмасынын бул шаардагы бюросунун кабарчысы, тыңчылыкка айыпталып жаткан Эван Гершковичтин камактагы мөөнөтүн 30-июнга чейин узарткан.

32 жаштагы Гершковичти 2023-жылы 29-мартта Екатеринбург шаарынан кармап кетишкен. Эртеси күнү Орусиянын Коопсуздук боюнча федералдык кызматы (ФСБ) журналист тыңчылыкка айыпталып жатканын, ал «америкалык тараптын тапшырмасы менен Орусиянын аскердик-өнөр жай комплексине караштуу ишканалардын биринин ишмердиги жөнүндө мамлекеттик сыр деп аныкталган маалыматтарды чогултуп жүргөнүн» билдирген.

Гершкович өзү жана The Wall Street Journal басылмасы мындай айыптоону четке кагып келишет. АКШ администрациясы журналистке тагылган айыпты «күлкү келерлик» деп атаса, өлкө президенти Жо Байден анын кармалышын «таптакыр мыйзамга туура келбейт» деп баалаган.

Орусияда тыңчылыкка айыпталып Гершковичтен тышкары дагы бир америкалык жаран - мурдагы деңиз аскери Пол Уилан камакта отурат. Ал да орус тарап таккан айыпты саясий мүнөзгө ээ деп четке кагып келет.

АКШнын дагы бир жараны, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун татар-башкыр кызматынын кабарчысы, орус да жарандыгы бар Алсу Курмашева бир нече айдан бери Казан шаарында камакта кармалууда. Кошмо Штаттар жана радио ал журналисттик ишмердиги үчүн куугунтукталып жатканын белгилөөдө. (RK)

XS
SM
MD
LG