Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:05

Казакстандын сел каптаган аймагында элдин нааразылыгы айтылды


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Казакстандын баш калаасы Астананын чет жакасында, Акмоло облусунун Целиноград районундагы Коянды айылынын тургундары аймакта өзгөчө кырдаал жарыялоону талап кылып, шейшемби күнү кечинде акцияга чыгышты. «Азаттыктын» казак кызматы 27-мартта билдиргендей, алар кардын эришинен жана жаан-чачындан улам көчөлөрдү, короолорду, үйлөрдү суу каптап, тазалоо иштери натыйжа бербей жатканын айтышты жана кан жолду бир нече саат бою тороп турушту.

Бийлик айылга күч органдарынын атайын бөлүгүн жөнөткөндөн кийин нааразылык акциясына чыккандар тарап кетишкени кабарланды.

Казакстандын өзгөчө кырдаалдар мекемеси селге каршы аракеттер көрүлүп жатканын, башка бир нече аймакта да кооптуу абал жаралганын, 74 адам, анын ичинен 30 бала эвакуацияланганын, бир нече үйдү суу каптаганын, сууну сордуруп алуу иштери уланып жатканын билдирди.

Тазалоо иштери Актөбө, Абай облустарында да жүрүүдө. Аягөз районунда суу ташкындап, автомашиналар каттаган көпүрө жарактан чыкты. Ал жерде өзгөчө кырдаал жарыяланды, жалпысынан үч киши дайынсыз экени айтылды. Аларды издөөгө ыктыярчылар катышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG