Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:01

Бир жыл ичинде Ысык-Көлдөн 22,5 тонна таштанды чыгарылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) суучулдары Ысык-Көлдүн Түп булуңундагы көлдүн аянтын тазалоо иштери башталганын билдирди. 26-мартта суучулдар 4100 метр балык уулоочу тор чыгарышты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Өткөн жылы суучулдар жалпы аянты 430 086,12 гектарды түзгөн суу астынан 22 тонна 545 кг таштанды, 218 100 метр балык уулоочу торду алып чыгышкан.
Былтыр июнь айында президент Садыр Жапаров көлдүн булганып жатканын айтып, торлорун калтырып кеткен браконьерлерди сынга алган.

1998-жылы өкмөттүн токтому менен Ысык-Көл облусунун аймагында биосфералык аймак түзүлгөн. Аймак 43,1 чакырым чарчы аянтты ээлейт.

“Ысык-Көл” биосфералык аймагы Кыргызстанда мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый аймак болуп эсептелет. 2001-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна киргизилген.

Ысык-Көлдө башаламан салынган эс алуу жайлары, алардан чыккан саркынды суулар көлдү булгап жатканы, балык уулаган браконьерлер көлдүн уникалдуу экологиясын талкалап жатканы айтылып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG