Сот Маданият министрлигинин “Клооп” сайтын жабуу чечимин жокко чыгарды

“Клооптун” сайты.

Бишкектин административдик соту 18-мартта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин kloop.kg сайтын жабуу жана ага негиз болгон материалды өчүрүү тууралуу чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Клооп Медиа” коомдук фондунун адвокаты Нурбек Сыдыков билдирди.

Анын сөзүнө караганда, Маданият министрлиги бул чечимге каршы кийинки инстанцияга кайрылбаса же арызданган учурда да Бишкек шаардык соту шаардын административдик сотунун токтомун күчүндө калтырса, kloop.kg сайты ачылышы керек.

“Клооптун” орус тилиндеги сайты 12-сентябрдан тартып жабылган. Ага “Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганы кабарланды” деген материал негиз болгон. Атайын кызмат материал “чындыкка коошпойт жана УКМКнын аброюна шек келтирет” деп Маданият министрлигине кайрылган.

Маданият министрлиги ноябрь айында ушул эле материалга байланыштуу “фейктер жөнүндөгү” мыйзамдын негизинде “Клооптун” кыргыз тилиндеги ky.kloop.asia доменинде жайгашкан сайтын бөгөттөгөн.

“Клооп” бул чечимдерге макул эмес экенин билдирип келет.

Бишкектин Октябрь райондук соту 9-февралда “Клооп Медиа” коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарган. Медианы жабуу арызы менен шаардык прокуратура сотко кайрылган.

Kloop 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган. Ал ушул тапта да ишин улантып жатат. (BTo)

Дагы караңыз

Газанын аш-Шифа ооруканасына чабуул коюлдуИшкерлерди текшерүүгө тыюу салган жарлыкка өзгөртүү киргизилдиОрусиянын Белгород облусу чабуулга кабылды, эки киши каза болдуТокаев аялдардын чүмкөнүп кийинүүсүнө каршы экенин айттыЧүйдө бир айдан бери дайынсыз болуп жаткан келиндин сөөгү табылдыСадыр Жапаров Владимир Путин менен өз ара кызматташтыкты талкуулады Украина аймагы зениттик ракета, дрон жана авиабомба менен аткыланды Фейсбуктагы пост үчүн айыпталган Асанов боюнча мурдагы өкүм күчүндө калдыНооруз майрамында Бишкекте борбордук көчөлөр жабылат