Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:48

Токаев аялдардын чүмкөнүп кийинүүсүнө каршы экенин айтты


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыз-келиндердин жүзүн толук жаап туруучу кийим кийип жүрүшүнө каршы экенин билдирди. 15-мартта Атырау шаарында өткөн Улуттук курултайда сүйлөп жатып чүмкөнүп кийинүүнү "радикалдуу таңуулоо" аракети деп атады.

“Соңку жылдары эл ичинде кара кийинип, чүмкөнүп жүргөн адамдар пайда болгону баарыңарга маалым. Алар – бөтөн эмес, өз жарандарыбыз. Элибиздин дүйнө таанымында кара кийим кийүү деген түшүнүк болгон эмес. Бул имитациядан жана ашкере динчилдиктен жаралган процесс. Биз өз салтыбыздан ажырабашыбыз керек. Радикалдуу неофиттер элибиздин каада-салтында болбогон кийим аркылуу коомго жат диний идеалдарды таңуулоого аракет кылууда. Бул биздин салттуу концепцияларыбызга жана баалуулуктарыбызга ачык кол салуу болуп саналат. Биз ата-бабаларыбыздын миңдеген жылдык диний таалимдерине жана руханий багыттарына таянышыбыз керек", - деди казак президенти.

Токаев мамлекеттин руханий көз каранды эместигин сактап, аны бекемдеш үчүн түрк элдеринин, анын ичинде казактардын көпчүлүгүнүн салттуу дини – сунни багытындагы ханафи мазхабына көңүл буруу зарыл экенин белгиледи.

Казакстанда 2019-жылы жүргүзүлгөн изилдөө калктын 92,8% өзүн диний адам деп эсептей турганын көрсөткөн. 2009-жылдагы эл каттоодо динге ишенген адамдардын 70% мусулман экенин, көбү ханафи мазхабын тутарын айтып беришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG