Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:14

Фейсбуктагы пост үчүн айыпталган Асанов боюнча мурдагы өкүм күчүндө калды


Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн айыпталган Кубанычбек Асановдун ишин караган Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу "Азаттыкка" шаардык соттон 18-мартта билдирди.

Биринчи Май райондук соту 22-январда Кубанычбек Асановду бир жылга абакка кесип, бирок буга чейин абакта отурган бир күнү эки күнгө тете болуп, жазасын өтөп бүткөн деп эсептелген. Бирок прокурор мындай өкүмгө каршы апелляциялык арыз менен шаардык инстанцияга кайрылган.

Асанов Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) менен күнөлүү деп табылган.

Аны атайын кызмат өткөн жылы 11-майда кармаган.

Адвокаты Акин Токталиев буга Кубанычбек Асановдин Фейсбукта "Көчөдө жүргөн лөлүлөр Кыргызстандан чыгарылсын" деп пост жазганы себеп болгонун билдирген.

Ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен үй камагына 15-ноябрда чыккан.
Камалганга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду колдогон билдирүүлөрдү социалдык тармактардагы баракчаларына жазып турган.

Кыргызстанда социалдык тармактын колдонуучулары жарыялаган билдирүүлөрү үчүн ар кандай айып менен камакка алынган окуялар катталып жатат. (MKt)

XS
SM
MD
LG