Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:36

Газанын аш-Шифа ооруканасына чабуул коюлду


Израилдик аскерлер Газа секторунда. Архивдик сүрөт.
Израилдик аскерлер Газа секторунда. Архивдик сүрөт.

Бүгүн 18-мартта эртең менен Израил армиясы Газа секторунда аш-Шифа ооруканасына чабуул койгонун Reuters агенттиги билдирди. Палестиналык саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, бир имаратта катуу өрт чыгып, көптөгөн киши каза болду.

Израил армиясынын (ЦАХАЛ) өкүлү Даниэл Хагари бул ооруканада ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) лидерлери жашынып отурганы тууралуу чалгын маалыматтын негизинде «эң так операция» жүргүзүлгөнүн, аскерлер имараттын ичине кирип барганда аларга карата ок атылганын айтты:

"Биз ХАМАСтын жоочулары аш-Шифа ооруканасынын ичинде кайрадан чогулуп, аны Израилге каршы чабуулдарды башкаруу үчүн колдонуп жатканын билебиз. Биздин согуш Газа элине каршы эмес, ХАМАСка каршы. Бул операцияны этияттык менен жүргүзөбүз, оорукананын маанилүү функциялары токтобойт. Биздин аскерлер жооп катары ок чыгарышты. Оорукананын тегерегиндеги операция уланууда".

Аш-Шифа Газа секторунун түндүгүндөгү ири ооруканалардын бири болчу. Согуш башталгандан бери ал жарым-жартылай иштеп, жөөт аскерлеринин чабуулдарынан качкан жай тургундарды тейлөөдө.

17-мартта Израилге иш сапар менен барган Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолугушууда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газа секторунун түштүгүндөгү Рафах шаарына чабуулду жай тургундар «тузактан» бошотулмайынча баштабай коё турууга даяр экенин билдирди. Ал «Рафахта террорчу батальондордун калганын жок кылуу максаты» дагы эле актуалдуу экенин, бирок ал жерде дагы эле жай тургундар бар болгондуктан чабуул башталбай турганын айтты.

Олаф Шольц Газанын түштүк-батышында азыркы тапта 1,5 миллион жай тургун «өтө оор абалда» турганын, аларга гуманитардык жардам жеткирүү ишин жакшыртуу зарыл экенин белгиледи.

15-мартта Нетаньяхунун өкмөтү Рафахка чабуул коюу планын бекиткен. Журналисттер бул планда аталган шаардагы жай тургундарды эвакуациялоо планы да камтылганын жазышкан.

Израил аскердик операциясын былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа секторунан кол салып, 1200 кишини, анын ичинде аялдарды, улгайган адамдарды жана балдарды өлтүрүп, 250дөй адамды Газага барымтага алып кеткенде баштаган.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, жалпысынан сектордо азыркы согуш башталгандан бери каза тапкандар 31 миңден ашты.

АКШ, Катар жана Египет аркылуу бир нече аптадан бери жүрүп келаткан сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек. Алар Рамазан айы учурунда атышууну убактылуу токтотууга жетишүү аракетин көрүшкөн. (RK)

XS
SM
MD
LG