Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:42

Садыр Жапаров Владимир Путин менен өз ара кызматташтыкты талкуулады


Владимир Путин жана Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт.
Владимир Путин жана Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров 18-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшүп, президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.

Президенттин басма сөз кызматы эки тараптуу кызматташуу, интеграциялык бирикмелердин алкагындагы өлкөлөрдүн алакасы жана май айында Москвада өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мааракелик жыйынына даярдык талкууланганын кабарлады.

Владимир Путин 17-мартта аяктаган президенттик шайлоодо добуштардын 87,3% алды. Баштапкы маалыматтарга караганда, добуштардын 99,7% саналып бүттү. Бул Путиндин 2030-жылга чейин созулуучу бешинчи президенттик мөөнөтү.

Шайлоого төрт талапкер катышты. КПРФ партиясынан Николай Харитонов 4,3% добушка ээ болгон. Ал эми Владислав Даванков – 3,8%, Леонид Слуцкий – 3,2% алды. 1,4% бюллетендер жараксыз деп табылган.

Согушка каршы чыккан талапкерлер - журналист Екатерина Дунцованы, Долгопруд аймагынын муниципалдык депутаты Борис Надеждинди Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катыштырган жок. Дунцовага кол топтоого уруксат берилбеди. Надеждин 200 миңден ашуун кол чогулткан, бирок БШК алардын ичинен “ката” толтурулгандар бар деген негизде каттоодон баш тарткан. Надеждин БШКны сотко берген, бирок майнап чыккан эмес.

2020-жылы Владимир Путин өлкөнүн Баш мыйзамына оңдоо киргизген, бул өзүнүн президенттик такта дагы эки мөөнөт калуусуна шарт түзгөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG