Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун президенти болуп шайланды

Камчыбек Ташиев. 19-февраль, 2024-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандын Футбол уюмунун 19-февралдагы кезексиз конгрессинде Кыргыз футбол союзунун президенти болуп шайланды.

Шайлоо ачык өтүп, анын талапкерлирин 28 делегат бир добуштан колдоду. Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзун 2026-жылдын апрель айына чейин башкарат.

Футбол уюмунун жетекчилигине Камчыбек Ташиев жалгыз талапкер болду жана аны “Талант” футбол клубу көрсөткөн.

31-январда президент Садыр Жапаров атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге Кыргыз футбол союзунун жетекчиси болуу сунушун бергенин билдирген.

19-февралда Медербек Сыдыков Кыргыз футбол союзунун президенти кызматтан кетип, футбол уюмунун аткаруу комитети да ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Медербек Сыдыков Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын Катарда өткөн Азия кубогундагы ийгиликсиз оюнунан кийин кызматтан кетерин жарыялаган.

Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) 2020-жылдан бери жетектейт, 2021-жылы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматы да кошулган. (BTo/GT)

Дагы караңыз

Депутат Түркиядан окуп келген 30 дарыгер ишсиз калганын билдирдиФутбол союзунун президенти Медербек Сыдыков кызматтан кеттиАйыл чарба министрлигинде 472 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталдыӨкмөт социалдык маанилүү азык-түлүктөрдүн бааларын көзөмөлдөйтНарматова Райымбек Матраимов менен байланышы жок экенин айттыАлматыда каракалпак активисти 40 суткага камалды Булак: Навальныйдын денесинде көгөргөн жерлери бар