Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:44

Булак: Навальныйдын денесинде көгөргөн жерлери бар


Салехард шаары, Орусия.
Салехард шаары, Орусия.

Орусиянын Ямал-Ненец автоном округундагы түрмөдө белгисиз жагдайда каза болгон оппозиция лидери Алексей Навальныйдын сөөгү Салехард райондук клиникалык ооруканасынын өлүкканасында экенин "Новая газета-Европа" өз булактарына таянып кабарлады.

Жергиликтүү "Тез жардамдын" кызматкери журналисттерге өлүкканага полициянын күзөтү коюлганын айтты. Ошондой эле дарыгердин айтымында, кесиптештери Навальныйдын денесинен көгөргөн жерлерин аныкташкан.

"Мындай тактар талмага окшош киши калтырап-титирегенде пайда болот", - деп жазат басылма фельдшердин сөзүн. - Адам калтырап-титиреп карыша баштайт, аны аман алып калууга катуу аракет кылышканда денеде ошондон улам көгөргөн тактар пайда болот".

Мындан тышкары, дарыгер Навальныйдын көкүрөк тушунда жүрөккө массаж жасалгандан кийин калчу издер бар экенин айткан.

"Башкача айтканда, аны реанимациялоого аракет кылышкан жана ал жүрөгү токтоп каза болгон. Бирок эмне үчүн жүрөгү сокпой, токтоп калды, азырынча эч ким эч нерсе деп айта албайт", - деп дарыгер сөзүн жыйынтыктаган.

"Жаңы Европа" булагынын маалыматы боюнча сөөккө азырынча экспертиза жүргүзүлө элек. Маалыматтар боюнча жергиликтүү дарыгерлер Москвадан адистердин келишин күтүп жатат.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин маркумдун сөөгүн туугандарына берүүгө болбойт. Эгерде кээ бир биоматериалдар борборго изилдөөгө жөнөтүлсө, бул процесс жок дегенде дагы бир аптаны алат, деп эсептейт басылма.

Буга чейин Алексей Навальныйдын апасы Людмила Навальная адвокаты менен чогуу Салехарддагы өлүкканага барган. Ал жерден аларга телефондон Навальныйдын сөөгү жок экенин айтышкан. Маркум саясатчынын басма сөз катчысы Кира Ярмыш Тергөө комитети өлүмдүн себеби азырынча аныктала электигин жана текшерүү жүрүп жатканда сөөктү туугандарына бере алышпасын билдиргенин айткан.

16-февралда Алексей Навальныйдын шарты катаал түрмөдө каза тапканы маалым болгон. 47 жаштагы оппозиционер 2021-жылдын январь айынан бери камакта отурган.

Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринин лидерлери орус оппозиционеринин өлүмү жоопкерчиликти орус бийлигине жана президент Владимир Путиндин жеке өзүнө жүктөп жатышат. "Чоң жетиге" кирген алдыңкы өлкөлөр Москваны саясатчынын өлүмүнүн себептерин кылдат иликтөөгө жана коомчулукка жарыялоого чакырды.

XS
SM
MD
LG