Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:19

Нарматова Райымбек Матраимов менен байланышы жок экенин айтты


Надира Нарматова.
Надира Нарматова.

Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Надира Нарматова Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов менен байланышы жок экенин айтып жатат. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” берген комментарийинде билдирди.

“Менин Матраимовго кандай байланышым бар? Алар менен жакшы мамиледе болбосом, бирге бизнесим жок болсо деле жармаштыра беришеби? Коомдук ишмер катары маек берип, пандемия учурундагы ишмердиги боюнча айтып бергем. Аны мен танбайм. Бул деген ошол адамдар менен бир командада жүрөт дегенге жатпайт. Менин мандатым боюнча маселе жок. Себеби мыйзам, укук коргоо органдары бар. Жөн эле эл шайлаган депутат мандатын тапшыра береби? Кызык...”.

15-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал жарыяланды.

Нарматова буга чейинки маектеринин биринде Райымбек Матраимовду мыкты адам катары сүрөттөп, аны каралоонун айынан Кара-Суу, “Мадина”, “Дордой” базарында соода болбой калганын айткан. Ал 2021-жылы NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде “өкмөттүк эмес уюмдар Райымбек Матраимовдун атын пайдаланып чуу чыгарып жатканын” билдирген.

2021-жылы Райымбек Матраимов менен чогуу соттолуп, айып пул төлөгөн Абдыбахаб Боронбаев 14-февралда депутаттык мандатын тапшырган.

УКМК 8-февралда Райымбек Матраимовдун 34 млн 810 миң 500 долларлык (3 млрд 98 млн 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөнүн билдирген. Анын ичинде Бишкек менен Ош шаарларындагы кымбат үйлөр, коммерциялык имараттар, Чүй жана Ош облусундагы эки бажылык каттоо жери көрсөтүлгөн.

Ош облусунун Кара-Суу районунда Райымбек Матраимовго тиешелүү делген 26 кыймылсыз мүлк камакка коюлду.

Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында кыргыз бажысында башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 млрд сом төгүп берген.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимовду жана маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевди өлкөдө “мафия түзгөн” деп айыптаган. Учурда Райымбек Матраимов каякта экени белгисиз. (BTo)

XS
SM
MD
LG