Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:33

Депутат Түркиядан окуп келген 30 дарыгер ишсиз калганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин 19-февралдагы жыйынында депутат Улукбек Ормонов Кыргызстан менен Түркия мамлекетинин ортосундагы боорго операция жасоону окутуу келишиминин негизинде атайын окууга барып келген отуз дарыгер жумушсуз калганын айтып чыкты.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аталган дарыгерлер ал министр болгонго чейин Ош мамлекеттик университети жана Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиясы аркылуу кеткенин айтып, “боорго операция жасоого даяр эмес” деп жооп берди.

“Биринчи, экинчи партия менен баргандар клиникалык ординатураны бүтүшүптүр. Эч жакта иштебегендер экен. Ал жактан окуп, эми бизди жумушка алгыла деп суроо коюп жатышат. Ачыгын айтканда алар боорго трансплантология кылууга даяр эмес”, - деди.

Министр учурда Түркияда ушундай эле келишим менен буга чейин мамлекеттик ооруканаларда иштеп жүргөн 40 дарыгер окуп жатканын кошумчалады. Жыйынтыгында бул маселени изилдөө үчүн депутаттык топ түзүлдү.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев буга чейин “Азаттыкка” курган маегинде 2024-жылы Кыргызстанда боорго операция жасаларын, бул өлкөдөгү ушул багыттагы алгачкы операция болорун айткан.

Кыргызстанда боор транплантациясы жасалбагандыктан органы жабыркаган адамдар чет жакта алмаштырышат. Анын ичинде Индияга жана Түркияга барып боорун алмаштыргандар тууралуу маалыматтар көп. (TSh)

XS
SM
MD
LG