Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:16

Айыл чарба министрлигинде 472 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн 2021-2022-жылдардагы ишинде 472 млн 357 миң сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталды.

Бул тууралуу Эсеп палатасынын 16-февралдагы жыйынында белгилүү болгонун мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, сарпталган каражатты эсептөөдө 60 млн сомдон көп мыйзам бузуу аныкталган. Соцфонддун кошумча кошуп эсептелген кирешелери 760 миң, 289 миң сом майнаптуу иштетилбегени такталган. Мындан башка да бир топ кемчиликтер бар экени айтылды.

Андан тышкары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда сатылып алынган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүнүн жана жер семирткичтердин 2022-2023-жылдары керектөөчүлөргө сатылышына жана таратылышына байланыштуу 214 миң сомдон ашык каражат жоголгон Бул боюнча маалыматтар Ички иштер министрлигине (ИИМ) укуктук баа берүү үчүн жөнөтүлөт. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG