Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:06

Футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков кызматтан кетти


Медербек Сыдыков.
Медербек Сыдыков.

Кыргыз футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков кызматтан кетип, футбол уюмунун аткаруу комитети да ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Мындай чечим 19-февралда Кыргыз футбол союзунун кезексиз конгрессинде кабыл алынды.

Ушул эле күнү Кыргызстандын Футбол уюмунун жаңы президенти шайланат. Бул кызматка Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жалгыз талапкер болуп көрсөтүлгөн.

Медербек Сыдыков Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын Катарда өткөн Азия кубогундагы ийгиликсиз оюнунан кийин кызматтан кетерин жарыялаган.

Футбол боюнча улуттук курама команда Азия кубогунда тайпадан чыкпай калган. “Акшумкарлар” тайпалык баскычта алгач Тайландга 2:0, Сауд Арабиясына да ушундай эле эсеп менен жеңилген. F тайпасындагы акыркы оюнунда Оман менен беттешип, 1:1 эсебинде тең чыгып, үч беттеште бир гана гол киргизген.

31-январда президент Садыр Жапаров атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге Кыргыз футбол союзунун жетекчиси болуу сунушун бергенин билдирген.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) кезектеги рейтингинде алты тепкичке артка кетип, 104-орунду ээледи. Буга чейин “акшумкарлар” ФИФАнын соңку рейтингинде 98-орунда болчу. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG