“Клооп Медианы” жоюу боюнча соттук чечимден улам соттук экспертизалардын сапаты тууралуу талкуулар дагы күчөдү. Соңку жылдары саясий өңүттөгү соттук процесстерде кеңири жайылып бараткан лингвистикалык жана саясат таануу экспертизаларынан улам ондогон оппозициялык саясатчылар, жарандык активисттер жана журналисттер темир тор артында отурат. Адистер алардын сөздөрүн талдаган эксперттер өз милдеттерин так ыкмаларсыз жана ыйгарым укуктарынан аша чаап аткарышарын белгилеп жатышат.
9-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту “Клооп Медиа” басылмасын жоюу боюнча чечимин чыгарды. Соттук чечимдин негизин прокуратуранын доо арызы менен психолого-психиатриялык экспертизанын корутундулары түздү.
Дагы караңыз Сот «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарды"Клооп Медианы" жоюу чечими чыккан соңку соттук отурумда психологиялык эксперт Вероника Терехова светтик өлкөдө бийликке сын айтылбашы керектигин билдиргени талкууга түштү.
Ал эми Республикалык психиатрия борборунун дарыгери, эксперт Жанна Караева адвокаттын жана соттун суроолоруна жооп берип жатып, "Клооп" порталынын макалалары боюнча бир канча адис биригип, корутунду чыгарганын, жөн гана жеке тажрыйбасына таянганын айтты.
“Каалайсыңбы, каалабайсыңбы жалпыга маалымдоо каражаттары адамдардын оюна, анын ичинде алардын дүйнөгө болгон көз карашына да таасир этет. Силер жарыялаган маалыматтарды окуп кандай ойлор келет? Бизде кимдир бирөө “Клооптун” макаласын окуп, психикалык жактан ооруп калды деген статистика жок. Бирок мага депрессияга түшүп калган адамдар келет. Алар менен баарлашканда өлкөдө башаламандык болуп жатканын айтышат. Муну кайдан алдыңыз десең анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарын айтышат”.
Бишкек шаардык прокуратурасы “Kлооптун” сайтын жабуу боюнча сотко кайрылганы былтыр 28-августта белгилүү болгон. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун арызында “Kлооп” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган.
Көзөмөл органы катында “Клооп Медианын” уставында көрсөтүлгөндөн сырткары ишмердик кылып, “сайтында жана социалдык тармактарда жарыялаган материалдары азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан саясатын кескин сындоого багытталган” деп билдирген. Доо арызында Кыргызстандагы бир катар көйгөйлөрдүн себеби катары “Клооп” басылмасын көрсөткөн.
Басылманын башкы редактору Анна Капушенко көз карандысыз экспертизанын корутундусу эске алынбай, мамлекеттик экспертизанын корутундусу соттун чечиминин өзөгүн түзүп калганы көп нерсени айтып турганын белгилейт. Ал соттун чечими жогору жактын ишараты менен болду деп эсептейт.
“Биз экспертизанын сапаты менен компетенциясына макул эмеспиз. Биз альтернативдүү экспертиза жасаткан болчубуз. Аны судьяга бергенбиз, сотто окуп да бердик. Бирок, аны көңүлгө алган жок. Негизи бул абдан таң калыштуу жагдай. Анткени, бул экспертизалар башынан эле кылмыш иши үчүн жасалган болчу. Эмне үчүн ал соттун басылманы жоюу боюнча чечиминин негизине киргени бизге такыр түшүнүксүз. Бул юристтер үчүн да түшүнүксүз болууда. Башында прокуратура уставда биздин ишмердигибиз боюнча маалыматтын жетишсиздигине дооматын билдирип жаткан болчу. Ага жараша биз коомдук фондду кайра каттоодон өткөрүп, уставга элге маалымат жайылтуу жөнүндө зарыл болгон маалыматты кошкон элек. Шарттуу түрдө биз прокуратуранын талаптарын аткарганбыз. Биздин көз карашта сот ушуну менен ишти кыскартышы керек болчу. Бирок, жыйынтыгында чечимди экспертизанын корутундусу боюнча чыгарып коюшту. Менимче, корутундуда жазылгандар боюнча эксперттерде далилдер жетишсиз болгону баарына эле түшүнүктүү болсо керек. Жалпысынан эксперттер компетентсиз. Бирок, сот ушундай чечим кабыл алды. Биз аны бардык мыйзамдуу жолдор менен даттанабыз. Биздин көз карашта мындай болбошу керек эле. Биз чечим жогору жактан түшкөн деп эсептейбиз”.
“Клооп Медиадан” тышкары дагы ондогон кылмыш иштери боюнча комплекстүү экспертизалар жүргүзүлгөн. Мындай экспертизага көбүнчө лингвистикалык, психиатриялык, теологиялык жана саясат таануу жаатындагы талдоолор кирет.
Экспертизадан “чалынган” саясатчылар, журналисттер жана активисттер
Саясат таануу боюнча соттук экспертиза жүргүзүү соңку эки жылдан бери активдүү колдонулуп келет. Саясий өңүттөгү кылмыш иштеринде комплекстүү экспертиза дайындалса, анын курамына саясат таануу боюнча талдоо дагы кирет. Комплекстүү экспертизалар "кемпирабадчылардын" ишине, жарандык активисттер Өндүрүш Токтонасыров, Ырыс Жекшеналиев, Афтандил Жоробеков, Олжобай Шакир, Адилет Балтабай, Зарина Төрөкулова, Тилекмат Куренов, массалык маалымат каражаттарынан "Некст ТВнын" директору Таалайбек Дуйшембиев, “Клооп Медиа”, “Азаттык Медиа” ж.б. иши боюнча жасалган. Алардын баарында тең эксперттер айыпталуучулардын сүйлөгөн сөздөрү менен жарыялаган материалдарында бийликти басып алууга, жапырт башаламандык уюштурууга, мамлекеттк түзүлүштү кулатууга, улуттар жана аймактар аралык кастыкты козутууга чакырыктарды жасаган деген корутундуларды чыгарып берген.
“Кемпирабадчылар” боюнча саясат таануу багытында экспертиза жүргүзүлгөн. Экспертизаны Улуттук илимдер академиясынын Мамлекеттик укук институтунун илимий кызматкери Азамат Жанышбек уулу жүргүзгөн. Ал "кемпирабадчылардан" тышкары, дагы көптөгөн саясий иштер боюнча саясат таануу экспертизаларын жүргүзгөн. "Некст ТВ" телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевдин, активисттер Ырыс Жекшеналиев менен Адилет Балтабай уулунун жана акын Олжобай Шакирдин сүйлөгөн сөздөрү менен жарыялаган посттору ушул эксперттин талдоосунан өткөн.
Алардын айрымдарына кыскача токтолуп өтөлү.
2022-жылдын октябрь айында Ички иштер министрлиги 27 оппозициялык саясатчы менен жарандык активистти камакка алган. Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга өтүп жатышына каршы туруу комитетин түзгөн аларга “массалык башаламандык” жана “бийликти күч менен басып алууга даярдануу” өңдүү оор айыптар тагылган.
Президент Садыр Жапаров алар боюнча пикирин билдиргенде “демократия десе эле аша чаап кеткендердин чыр чыгарышына жол бербесин” айткан.
"Кемпир-Абад иши" боюнча соттук-лингвистикалык жана саясат таануу экспертизасы дайындалып, анын корутундусуна “жашыруун” белгиси коюлган. Бирок, корутунду менен таанышкан айыпталуучулардын бири, саясатчы Равшан Жээнбеков эксперттер буйрук аткарып жатканын билдирген.
“Тергөөчү Жапеков тез, мыйзамсыз жана экспертизаны жасалмалоо менен Садыр Жапаровдун атаандаштарын жана Кыргызстандын мекенчилдерин отургузууну каалап жатат. Эксперттер болсо айыпсыз саясатчыларды, журналисттерди жана активисттерди отургузууга көмөктөшүп, бийликтин буйрутмасын аткарууда, алар күнкор жана Кыргызстандын келечегине каршы иштеп жатышат”.
“Кемпир-Абад” иши боюнча айыпталуучулардын бири, Конституциялык соттун экс-судьясы Клара Сооронкулова Кыргызстан саясат таануу багытындагы экспертизаны Орусиядан үйрөнгөнүн айтат.
“Соттук экспертизада саясат таануу экспертизасы деген түшүнүк жок. Аны үч жыл мурун Орусияда киргизген. Анан ошолордун таасири менен эки жыл мурун бизге кирип кетти. Саясат таануу экспертизасы деген дүйнө жүзүндө жок нерсе. Орусияда куугунтуктоо үчүн пайда болгон. Анан биздикилер өз ыңгайы үчүн колдонуп калышты. Бирок, “Экспертиза жөнүндө” мыйзамда кандай экспертиза болбосун, ал илимий ыкмаларга негизделиш керек. Эксперт сөзсүз түрдө “мен мындай ыкмаларды колдондум” деп көрсөтүш керек. Ал сөзсүз түрдө мамлекет тарабынан бекитилген методология болуш керек. Мисалы, лингвистикалык экспертиза боюнча методология бар. А саясат таануу экспертизасы жөнүндө эч нерсе жок. Биздин экспертизаны Жанышбек уулу деген саясат таануу боюнча эч кандай билими жок бир эле эксперт жүргүзүп жатат. Экспертизада эксперт кандай ыкмаларды колдонду деген сөзсүз түрдө көрсөтүлүшү керек. Ал “саясат таануу боюнча адабияттар” деп жазып атат. Болгону 1-2-курстун студенттери колдонгон адабиятты көрсөтүп атат. Эч кандай ыкмасы жок”.
Өндүрүш Токтонасыров өлкөдөгү демократиялык баалуулуктардын таламын талашып келген жарандык активисттердин бири. Эркиндикти чектеген, адам укуктарын бузган кандай жагдай болбосун өзүнү позициясын нааразылык акциялары жана социалдык медиадагы посттору аркылуу билдирип турат. 2023-жылдын март айында анын посттору боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө иштери башталган. Ага “Расалык, этникалык, улуттук, диний аймактар аралык кастыкты козутуу” беренеси боюнча айып тагылган. Активист мындай айыптоого анын социалдык медиалар аркылуу бийликти тынымсыз сындап келгени себеп болгон деп эсептейт.
“Мен жактоочуларым менен кошо жалпы комиссиялык эксперттерди түзөлү десек, сот “андай болбойт” деп баш тартып койгон. Бирок, менин жактоочуларымдын аракети менен Нарынбаева деген филология илимдеринин доктору көз карандысыз эксперт катары корутунду чыгарып берген. Корутундуда “Токтонасыровдун постторунда улуттар аралык касташууга чакырык жасаган эч кандай белгилер жок” деп так кесе айтылган. Ал корутунду чыгарганына карабай эле, сот эмнегедир прокурордун өтүнүчүн аткарып, комиссиялык эксперттерди дайындоого чечим чыгарган. Менин билишимче, менин жазган постторум боюнча үч адамдан турган эксперттик комиссия иштейт экен. Психолог, филолог жана саясат таануучу болот экен. Бул жөн гана менин жарандык активист катары ордума коюп, жаагымды жаап, унчукпай жүр деген эле аракет булардыкы”.
Жыйырма жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев социалдык медиада УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин 2021-жылдагы видеокайрылуусун жарыялаганы үчүн 2022-жылдын 14-августунда камакка алынган. Ал кайрылууда Сегизбаев Нарындагы Жетим-Тоо темир кенин иштетүүдөн баш тартуу зарылдыгын билдирген. Жекшеналиевге карата “Массалык башаламандык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, мамлекеттик айыптоочу аны алты жылга эркинен ажыратууну сураган.
Жарандык активист Афтандил Жоробеков мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыгып, нааразылык акциясын уюштурганы үчүн камалган. Ага “Массалык башалмандыктар” беренеси менен айып тагылган. Адвокат Жаныш Бараков активист бир гана лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы менен кармалып, иш козголгонун, экспертиза эреже бузуу менен өткөнүн билдирген:
“Бул кылмыш ишин козгоого тергөө дайындаган лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы негиз болгон. Анын корутундусунда "массалык башаламандыктарга чакырыктар бар" деп жазылгандыктан, Афтандил кармалып, камакка алынган. Маалым болгондой, буга Афтандил Жоробековдун туу боюнча айткан жеке пикири негиз болгон. Мен бирок тергөөчү менен макул болбой өтүнүч жазганмын. Биринчиден, экспертиза дайындалып жатканда тергөөчү мени же жактоомдогу Жоробековду чакырып, бул тууралуу айтып, биздин да эксперттерге бере турган суроолорубузду кошушу керек эле. Бизге андай маалымдама берилген эмес, биз корутунду чыккандан кийин гана анын жыйынтыгын угуп, аны дайындоо боюнча маалымдама менен кечигип тааныштык. Ошондуктан нормалар бузулганын көрсөтүп, өтүнүч жазгам жана комиссиялык лингвистикалык экспертизаны дайындоону сурангам. Экспертизанын жыйынтыгы менен макул эмеспиз. Тергөөчү өтүнүчүмдү эске албай, канааттандыруусуз калтырып, токтом чыгарып, ишти Свердлов райондук сотуна жөнөттү”.
Акын жана жарандык активист Олжобай Шакир Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга ижарага берилишине каршы болуп, кайдыгер эмес жарандарды 2023-жылдын 31-августунда нааразылык акциясына чыгууга чакырганы үчүн камакка алынган. Улуттук коопсуздук комитети акын социалдык медиалардагы баракчаларына “чагымчыл мүнөздөгү, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык башаламандыктарга чакырыктарды камтыган публикацияларды” жарыялап турган.
Олжобай Шакирдин иши боюнча саясат таануу экспертизасын Улуттук илимдер академиясындагы Мамлекеттик укук институтунунун илимий кызматкери Азамат Жанышбек уулу жүргүзгөн. Ал аталган иштин алкагында чыгарган корутундусу боюнча “Азаттыктын” суроолоруна берген жообунда активисттин постторун саясат таануу илиминдеги ыкмалар боюнча талдаганын айтат.
“Эгембердиев Олжобай деген жарандын кайрылуулары, 19 барактан турган публикациялары келип түшкөн. Ошондой эле, бир видеожазуу бар болчу. Ошол материалдын негизинде биз, саясат таануу илиминдеги илимий-саясат таануу ыкмаларына таянып экспертиза жүргүзгөнбүз. Ошону менен биз ушул жарандын сөздөрүндө бийликти күч менен басып алууга, башаламандык уюштурууга чакырыктар бар деп жыйынтыкка келгенбиз. Айта кетүүчү нерсе, августтун башында төрт пансионат Өзбекстандын инвесторлоруна берилгени баарыбызга маалым болгон. Бул жаран аны мыйзамсыз берилген деген такталбаган маалыматты тараткан. Андан тышкары, 31-августта мыйзамсыз митингге келип берүүгө чакырган. Эмне себептен биз мыйзамсыз деп атабыз? Анткени, биз материалды алгандан кийин салыштырмалуу жана жарыяланган саясат таануу жана саясий сөздөргө таянып жазабыз”.
Адвокаттар Азамат Жанышбек уулу эксперттердин мамлекеттик реестринде катталбагандыктан, кандайдыр бир экспертиза жүргүзүүгө укугу жоктугун билдирген. Бирок, сотто алардын жүйөсү эске алынган эмес.
2023-жылдын 11-сентябрында жарандык активист Зарина Төрөкулова камакка алынган. Атайын кызмат ага “Массалык башаламандык” беренеси менен айып таккан. Активист фейсбукта “Умай Аруу” деген аккаунттун эки постун бөлүшкөн: бирөө “Жапаров мафия”, экинчиси Олжобай Шакирдин “онлайн митинг уюштурабыз” деген билдирүүсү болгон. 16-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Төрөкуловага үч жылдык пробация мөөнөтүн берди.
“Медиа Полиси” уюмунун юристи Акмат Алагушев көптөгөн чуулгандуу иштер боюнча экспертизаларда айрым эксперттер соттун функциясын аткарып калган учурлар болуп келатканын жана мындай көрүнүш Атамбаевдин “Заноза” сайтын сотко берген учурда башталганын айтат. Бирок, анда жарандык процесске карата колдонулган болсо, кийинчерэк кылмыш иштеринде да эксперттердин жардамын колдонуу тажрыйбасы жайылып баратканын айтат юрист.
“Ал жарандык процесс болчу. Азыр болсо элдердин тагдырына балта чаап кылмыш жагынан согуп атышат. Бул түздөн-түз зыян болуп жатат. Анткени, байланыштуу (ангажированный) жагы болуп жатат. Анан, кесипкөй эмес. Тергөөчүлөрдүн көпчүлүгү болсо түздөн-түз куктук суроо берип жатат. Алар болсо ошондой суроолорго жооп берип атат. А бул туура эмес. Бирок, бардыгы эмес, төрт-беш эксперт бар. Көпчүлүк кастык козутуу, массалык башаламандык, бийликти күч менен кулатууга чакырыктар – ошонун баарына тергөөдөн берилген суроолор бүт туура эмес. Бирок, эксперттер ага карабастан жооп берип жатышат. Андан тышкары, жок нерсени бар деп атышат. Мисалы, чакырыктар барбы? Чакырык каякка? Ага болсо жооп бербей атышат. Иши кылып ал кызматтын кемчиликтери көп. Эми мында, мобул эле 11 журналистке иш козгоонун себеби – корутунду бар. Ал корутундуну карап көрсөк, ал жакта жок нерсени бар деп атышат. Андан тышкары толтура нерселер. Мисал айтып көрөйүн – Афтандил Жоробековдуку, Олжобай Шакировдуку, Зарина Төрөкулова, Мирлан Ураимов – бүт баарыныкын бар деп берип жатышат”.
Айткандай эле, 16-январда Ички иштер министрлиги Temirov Live иликтөө медиасында мурда-кийин иштеп кеткен 11 журналистти камакка алды. Кылмыш иши журналисттердин социалдык медиалардагы постторунда “массалык башаламандыкка чакыруунун” белгилери бар” деген соттук-лингвистикалык экспертизага негизделген.
Көп өтпөй Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, анда кармалгандарды социалдык медиаларда маалыматтарды жоопкерчиликсиз жарыялаган блогерлер деп атады жана алар маалыматтын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартууга тийиш деген пикирин билдирди.
“Айрым блогерлер жана активисттер жалган маалыматтарды ачыктан-ачык жайылткан учурларга биз көп ирет күбө болдук. Көбүнесе аймактык, диний жана улуттар аралык кастыкты атайылап же аңдабастан козутуу аракеттери, конституцияга каршы аракеттерге жана башаламандыктарга чакырыктар болгон. Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын корутундусуна ылайык, так ушул учур боюнча, Тажибек кызы Махабаттын видео кайрылууларында массалык башаламандыктарга чакыруу белгилеринин бар экендиги аныкталган, бул Кылмыш-жаза кодексинин 78-беренесинин 3-бөлүгүнө туура келет. Азыркы тынчы жок жана башаламан мезгилде сөз эркиндиги жоопкерчилик менен тыгыз байланышкан. Бүгүнкү күнү демократиялык жактан өнүккөн деп айтууга боло турган өлкөлөр саясий максаттарга жетүү жана коомду туруксуздаштыруу үчүн сөз эркиндигин колдонуп жаткандарга карата азыртан чектөөлөрдү киргизип жатышат. Биз буга байланыштуу алдын алуу чараларын көрүүгө мажбурбуз, анткени бул өлкөнүн улуттук коопсуздугуна түздөн-түз тийиштүү”.
Журналисттердин кармалышы боюнча жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары кыргыз бийлигине кайрылууларды жасап келет. Иш учурда тергелип жатат.
“Чалагайым экспертизалардын айынан көптөгөн күдүк суроолор жаралат”
Соттук экспертизаларды жүргүзгөн атайын мамлекеттик кызмат бар. Өзүнүн карамагында тийиштүү адистер жок болгон учурда ал лингвистикалык, саясат таануу, психикалык жана психологиялык экспертизаларды жүргүзүү үчүн Улуттук илимдер академиясынын, Республикалык психикалык-неврологиялык борбордун жана башка расмий мекемелердин адистерин тартат.
Соттук-экспертизалык кызматтан мекеменин ишмердиги жана экспертизаларда колдонуучу ыкмалар боюнча маалымат алуу мүмкүн болгон жок. Кызматтын жетекчисинин орун басары Кубан Нурланов катчысы аркылуу бошобой жатканын билдирип, байланышуудан баш тартты.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Кыргызстанда лингвистикалык, теологиялык, криминалдык, баллистикалык деген өңдүү бүт экспертизалардын сапаты төмөн болуп жатканына көңүл бурат. Ал Илимдер академиясы менен Юстиция министрлигин мындай көрүнүштөргө кылдат көңүл бурууга чакырат.
“Сапаттын начардыгынан, биринчиден, көп кылмыштардын бети ачылбай калат, кылмыш иштери айлап-жылдап тергөөдө туруп калат жана соттук териштирүүдө дагы көп суроолор пайда боло берет. Мына, башканы айтпайын, Кемпир-Абад маселесинде дагы көп маселелер лингвистикалык экспертизага байланыштуу болуп жатат. Адвокаттар, тергөөчүлөр, соттор, прокурорлор талап кылышы керек. Кандай методология колдонулат? Мисалы, лингвистикалык экспертизада мен көп эле корутундулар менен таанышып жатам. Өздөрүнүн ички туюму, түшүнүгү менен эле жыйынтык чыгарып коюшат. Кайсы экспертиза болбосун, өзүнүн методологиясы бар. Кимдин ыкмасы колдонулду, шилтемелери болот. Ар бир сөздүн маанисин чечмелейт. Бизде жетишерлик жогорку деңгээлде, адамда ишенич жараткан лингвистикалык экспертиза жок. Ошондой эле көрүнүш башка экспертизанын түрлөрүндө да бар. Мени укук коргоочу катары айрыкча тынчсыздандырганы – теологиялык экспертиза аябай көп суроо жаратат. Себеби, ар дайым карапайым адамдар бирден-бирден камалып, алардын экспертизаларынын жыйынтыгы окшош шаблон менен эле чыга берет”.
Абдирасулованын айтымында, буга чейин теологиялык экспертизанын жыйынтыгы менен эле бир жылда 2000-3000ге чейин адамдар камалып турган.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде жалган же бурмаланган экспертиза жасаган эксперттин жоопкерчилиги каралган. Кодекстин 364-беренеси “аткаруу өндүрүшүндө эксперттин билип туруп чыгарган жалган корутундулары же адистин көрсөтмөлөрү, ошого тете билип туруп туура эмес которуу” жазаланары жазылган.
Дагы караңыз "Экспертиза эреже бузуу менен өткөн". Активисттин иши сотко өттү