"Кемпир-Абад иши" боюнча сотто айыпталуучуларга жасалган мамиле тууралуу Жогорку Кеңештин 15-февралда өткөн жыйынында маселе көтөрүлдү.
Депутат Шайлообек Атазов “кемпирабадчыларга” орой мамиле жасалып, укуктары бузулуп жатканын сындады. Ал буга байланыштуу Башкы прокуратуранын маалыматын угуу демилгесин көтөрдү.
“Сотто аскер кызматкерлери айыпталуучуларды чыканак менен чаап жатат. Түртүп, кордоп жатат. Биз кийинки аптада башкы прокурорду чакырып, мыйзам кандай аткарылып жатканын сурасак. Депутаттык комиссия да түзүлдү эле. Анын жыйынтыгы чыгабы?”.
Төрага Нурланбек Шакиев “прокуратура ишти сотко өткөрүп бергенин, соттун жүрүшүнө тоскоолдук кылбашы керектигин” билдирди.
"Соттук отурум өткөрүүнүн эрежелери бузулду"
14-февралда Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар сотко нааразы болуп, коштоп жүргөн аскерлер менен түртүшө кеткен.
Ага айыпталуучулар Гүлнара Журабаева, Илгиз Шаменов, Рита Карасартова жана Чыңгыз Капаровдун адвокаты Бакыт Афтандилдин жоктугуна карабай, судья Марат Сыдыков сот отурумун баштаганы негиз болгон.
"Кемпир-Абад иши" боюнча камакта отургандардын бири, саясатчы Равшан Жээнбеков соттук отурум мыйзам бузуу менен өтүп жатканын белгилеген:
“Булар адвокатыбыз жок туруп сот өткөрүп жатышат. Мындай нерсе тарыхта биринчи жолу болуп жатат. Бул мыйзамсыз”.
Сот залындагы ызы-чуудан улам ортодо танапис жарыяланып, түштөн кийинки отурумга айыпталуучулар алып келинген жок. Адвокат Бакыт Афтандил ооруп жаткандыктан отурумга келе албай калганы тууралуу тийиштүү кагаздарды сотко көрсөткөнүн кесиптештери билдирди. Мындан улам адвокаттардын ишти кароону башка күнгө жылдыруу өтүнүчүн судья канааттандырган эмес.
Камактагы саясатчы, активисттердин кайрылуусу
15-декабрда камактагы саясатчы Азимбек Бекназаровдун Фейсбуктагы баракчасына айыпталуучулардын атынан кат жарыяланды. Анда соттук териштирүүнү ачык өткөрүү жана жаңы күбөлөрдү сотко чакыруу жөнүндө өтүнүч жазылган.
"Өтүнүч, биздин кылмыш иш боюнча соттук териштирүүнү ачык сот отурумунда жүргүзүүнү, соттук териштирүүгө жаңы күбө катары Кыргыз Республикасынын президенти С.Н.Жапаровду, мамлекеттик катчы С.Касмамбетовду, башкы прокурор К.Зулушовду, вице-премьер-министр Э.Байсаловду, УКМК төрагасы К.Ташиевди, ички иштер министри У.Ниязбековду жана президенттин кеңешчиси Ч.Абыкеевди чакырууну өтүнөбүз", - деп жазылган кайрылууда.
Азырынча катта аталган мамлекеттик кызматкерлер комментарий бере элек.
Президент Садыр Жапаров былтыр 16-декабрда экинчи Элдик курултайда сүйлөгөндө "Кемпир-Абад ишин" уюштурган башчысы бар экенин, анын чет өлкөнүн элчисинен "акча алганы аныкталганын" билдирген жана ушундан улам сот жабык өтүп жатканын айткан.
Кийин "Кемпир-Абад иши" боюнча айыпталгандар жана алардын жактоочулары 60 томдук кылмыш ишинде президент айткан “чет өлкөлүк элчиликтен акча алды” деген маалымат жок экенин айтып, мамлекет башчыдан түшүндүрмө талап кылышкан.
Садыр Жапаров быйыл 15-январда "Кабар" агенттигине маек курган маегинде “кайсы бир сырткы күчтөрдөн акча алды” деп айтам деп жатып, “кайсы бир өлкөнүн элчилигинен” деп адашып айтып алганын тактаган.
Судьяны алмаштыруу өтүнүчү
Айыпталып жаткан саясатчылар Бектур Асанов, Жеңиш Молдакматов жана активист Эрлан Бекчоро уулунун адвокаты Кантемир Турдалиев процессуалдык процестердин бузулушуна байланыштуу бир нече адвокат биригип, судьяны алмаштыруу өтүнүчүн келтиргенин айтты.
"Судья ооруп жаткандар боюнча ишти убактылуу токтотуп, калганын уланта берели деп жатат. Бирок андай болбойт, булардын баары бири-бири менен байланышкан. Мисалы айыптоо актысында Жеңиш Молдакматов же бул иш боюнча камакта отургандардын башкаларынын аты-жөнү тизмектеп жазылат, баары бир кылмыш ишинин алкагында айыпталууда. Кийин өкүм чыккандан кийин анын баарын көрсөтүп, процессуалдык эрежелер бузулганын белгилеп, шаардык сотко кайрылабыз. Анткени бул кемчиликтер кийинки өкүмдү бузууга шарт түзөт".
"Кемпир-Абад иши" боюнча сот бир жылдан ашык убакыттан бери уланууда. Процесс кармалгандарга айыптоо актыларын угузуу баскычына жетти. 14-февралдагы отурумда прокурорлор айыптоо актысын айыпталуучулардын катышуусуз окуду.
Эл аралык тажрыйба
Саясат талдоочу Руслан Акматбек башка өлкөлөрдө оор кылмыштарга айыпталып жаткандардын ишин укук коргоо органдары, бийлик тезинен ашкерелегенге, ачыктаганга аракет кыларын белгиледи.
"Эл аралык тажрыйбада буга окшогон оор беренелер менен шек саналгандардын кылмышы боюнча дароо фактылар ачыкка чыгарылып, далилдер келтирилип, ашкереленет. Булардын күнөөсү коомго жайылтылат, тезинен далилденет. Бүгүнкү күндө биз көрүп тургандай, "Кемпир-Абад иши" болсун, Афтандил Жоробековдун, кармалган журналисттердин иши болсун эң негизгиси максат - бийликтен корксун деген маанай болууда. Жарандык коому коркутуп, башкаларга бул белги болсун деген эле маселе болууда".
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 11 киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.
Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.
Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптаган. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп эсептешет.