Активист Өндүрүш Токтонасыровдун сот ишинде анын Фейсбуктагы жазгандарына экспертиза жүргүзгөн лингвист көрсөтмө берди. Активист өзү жана адвокаттары социалдык тармактарда жазганында кастыкты козутуучу сөздөр жоктугун белгилеп, көз карандысыз лингвистикалык комиссиялык экспертиза жүргүзүүнү сурашты.
Иш Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралууда. Кыргызстанда соңку жылдары пикирин ачык айтканы үчүн активист, блогерлерге кылмыш иши козголгон бир нече учур катталып, укук коргоо жана медиа уюмдардын сынына кабылган.
"Орускул" деген сөз кайсы улутту таарынтты?"
2-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровдун иши каралды. Соттук отурумда Токтонасыровдун социалдык тармактарда жазгандарына линвистикалык экспертиза жасаган адис көрсөтмө берди.
Сотко катышкан жарандык активист жана укук коргоочу Рита Карасартова Фейсбук баракчасына эксперт "орускул" деген сөзгө таянып, "кастыкты козуткан" деген тыянак чыгарганын жазды.
"Эксперт ызаланып "бул адам кыргыздарды орустардын алдында "орускул" деп кемсинтип атат" дейт. Андай болсо бул бир кыргыздын экинчи кыргызга эле мамилеси, эки улутка эмне тиешеси бар, кастык каяктан жаралат?".
Кыргызстанда сөз эркиндигин жана адам укуктарын коргоодо өз оюн ачык билдирип, ар кандай акцияларды тынч жол менен өткөрүп жүрүп таанылган Өндүрүш Токтонасыровго "Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси менен иш козголгон. Анын иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда сентябрь айынан бери каралууда.
Токтонасыровдун адвокаты Жаныш Бараковдун "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, Өндүрүш Токтонасыров менен чогуу көз карандысыз лингвисттерге да Фейсбуктагы пикири боюнча баа берүүсүн өтүнүп кайрылган.
"Жактоочу катары менин көз карандысыз эксперттерге кайрылып, буга чейин чыгарылган лингвистикалык тыянак боюнча тактоо сурап кайрылууга укугум бар. Андан пайдаланып, мен көз карандысыз лингвистке кайрылып, "Токтонасыровдун Фейсбуктагы жазгандарында Кылмыш кодексинин 330-беренесинде көрсөтүлгөн белгилер барбы? деп сурагам. Мага көз карандысыз эксперт "Токтонасыровдун жазгандарында расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу же чакыруулар жок" деп чыгарып берген".
2-ноябрдагы соттук териштирүү учурунда адвокаттар көз карандысыз экспертти да сотко көрсөтмө берүүгө чакырууну жана көз карандысыз лингвистикалык комиссиялык экспертиза жүргүзүүнү суранды.
Өндүрүш Токтонасыровго "кылмыш иши ушул жылдын 30-мартында козголгон. Бирок активист бул тууралуу үч айдан кийин, 30-июнда билген. Ал күнү Өндүрүш Токтонасыровду милиция кармап кетип, Тергөө башкармалыгынын имаратында бир нече саат суракка алган. Көп өтпөй, ал суракка күбө катары чакырылганы, Фейсбукка жазгандары боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалганы маалым болгон.
65 жаштагы Өндүрүш Токтонасыров активдүү жаран катары адам укуктары, сөз эркиндиги, чек ара, орус-украин согушу баштаган мамлекеттеги жана дүйнөдөгү орчундуу маселелерге өз оюн ачык билдирип, ар түрдүү саясий акцияларды уюштуруп, аларга катышып келет.
Мисалы, былтыр 17-мартта согушка нааразылык билдирип, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына чыккан жана сот чечими менен 3 миң сом айыпка жыгылган. Ошол эле жылдын 8-декабрында Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бишкекке келишине каршы акцияга чыкканда аны милиция кармап кетип, кайра бошоткон.
"Орус бийлиги тапшырма бериши мүмкүн"
Орус элчилигинин алдында Украинадагы согушка каршы нааразылыгын билдирип, Өндүрүш Токтонасыров менен чогуу акцияга чыгып жүргөн активист Бурул Усманали укук коргоочунун кылмыш жоопкерчилигине тартылышына орус бийлигинин катышы бар деп эсептейт:
"Жеке оюмда - бул орус бийлигинин буюртмасы. Биздин Украинадагы согушка каршы акцияга чыкканыбызга жасалган мамиле. Орусия Украинага согуш ачканына каршы акцияга чыгууга биздин жарандык укугубуз бар. Бизди акциядан кубалап, кармап, камап, куугунтуктап келишти. Муну менен биздин конституциялык укугубуз бузулду. Өндүрүш байке да көп жолу акцияда жүрдү. Анын орус тилин расмий макамдан ажыратуу же кыргыз тилинин келечегин кеңейтүү тууралуу пикири ал айыпталып жаткан кылмыш беренесине эч туура келбейт. Ал биздин өлкөдө жашаган орус улутундагы элге эмес, башка өлкөнүн бийлигине нааразылыгын билдирди. Бул өтө одоно, сабатсыз айыптоо. Бирок биздин бийлик Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) буюртмасы менен анын оозун жабууга аракеттенип жатат".
Мурдагы учурларда милиция кармап кетип же иши сотко жетсе да, жазасы - бир нече саатка камоо же акчалай айып пул төлөөгө милдеттендирүү менен гана чектелип келгенин белгилеген укук коргоочу кийинки учурларда оюн ачык айткандарды куугунтуктоо күч алып жатканына кейиген жайы бар.
"Берене саясий куралга айлангансыйт"
Медиа-эксперттер Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси акыркы убактарда сөз эркиндигине каршы көбүрөөк колдонулуп жатканын белгилеп келет. Соңку жылдарда бул берене басымдуу учурларда активисттер менен блогерлерге каршы колдонулуп жатканын байкоого болот.
Буга чейин Ырыс Жекшеналиев, Адилет Балтабай, журналист Семетей Талас уулу, Афтандил Жоробеков, Эрик Абдыкалыков, Эмил Бекиев, саясатчы Бактыбек Калмаматов, Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиев, Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбек дагы ушул берене боюнча айыпталып, түрдүү жазага тартылган.
Журналист Дилбар Алимова "өлкөнүн, элдин ынтымагы, коопсуздугу үчүн зарыл деп саналган берене соңку жылдары өтө тандалма жол менен бийликти сындаган же анын саясатын колдобогон адамдарды ооздуктоо үчүн гана колдонулууда" деп эсептейт.
"Албетте, бул берене бизге керектүү. Тилекке каршы, басымдуу учурларда саясатка курал болуп, орунсуз колдонулуп жатат. Өз оюн ачык айтып, бийликти сындаган адамдарга 330-беренени илип, сөз эркиндигин чектөө аракети жүрүп жаткансыйт".
Кыргызстанда адам укуктарынын, сөз эркиндигинин абалы начарлап, өз пикирин ачык айткан адамдар кысымга алынып жатканына эл аралык уюмдар кабатырлануусун билдирип келүүдө. Учурда "Клооп Медиа” басылмасын жабуу боюнча да сот өтүп жатат. Буга чейин коррупция тууралуу иликтөөлөрү менен таанылган журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышы, басма сөз жана бейөкмөт уюмдарына байланыштуу сунушталып жаткан мыйзам долбоорлору адам укугун коргоо жаатында иш алып барган уюмдардын кабатырлануусун жаратты.
Кыргыз бийлиги мындай сын пикирлерди четке кагып, жарандардын жашоо-турмушун жакшыртууга жана алардын укуктарын коргоо жаатында алгылыктуу иштер жүрүп жатканын белгилеп келет.