Кыргызстанда маалымат жана басма сөз күнү белгиленүүдө. Быйыл бул күн Кыргызстанда журналисттерге басым күчөп, медианы чектөөгө багытталган мыйзам долбоорлор сунушталган учурга туш келди. Буга байланыштуу 7-ноябрда өлкөдөгү бир нече медиа уюмдар бийликке кайрылып, онлайн акцияларды уюштурду. Президент Садыр Жапаров кайрылуу таратып, журналисттердин жоопкерчилигин эскертти.
Себет жана онлайн акция
Маалымат жана басма сөз күнүнө карата “Кыргызстандын Медиа аракеттери платформасы” онлайн акция жарыялады. Анын алкагында медиа коомчулук Кыргызстанда сөз эркиндигин сактоого, журналисттердин жеке жашоосуна байланыштуу маалыматтарды таратууга жол бербөөгө жана Жогорку Кеңеш ушул тапта карап жаткан “ЖМК жөнүндө” жана “Өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорлорду кабыл албоого чакырган кайрылууну соцтармакта #күччындыкта, #күчэркиндикте хештегдери менен бөлүшүп жатат.
Журналисттик иликтөөлөр фондунун аткаруучу директору, “Кыргызстандын Медиа аракеттери платформасынын” мүчөсү Гладис Темирчиева акциянын максаты коомчулуктун көңүлүн сөз эркиндигинин ушул таптагы абалына бурдуруу экенин айтууда:
“Чындыгында сөз эркиндигинин азыркы абалы тынчсыздандырууда. Азыр сөз эркиндигине, медиага кысым күчөп турат. Өзгөчө азыр каралып жаткан мыйзам долбоорлор чоң коркунуч жаратууда. Маселен, “өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга беш жылдан 10 жылга чейин кылмыш жазасына тартуу сыяктуу жоболорду киргизүү сөз болууда. Ошол эле учурда камоолор уланып жатат. Азыркы тапта мурдагы журналист Олжобай Шакир камакта. “Темиров Лайв”, “Клооп”, “Азаттык”, “24.kg” медиалары менен болгон окуялар эсибизде. Албетте, мунун баары бизди тынчсыздандырбай койбойт”.
Акцияга катышкан журналист, активисттер азыркы тапта абакта отурган Айданбек Акмат уулу, Олжобай Шакир баштаган журналисттерди эркиндикке чыгарууга да көңүл бурууда.
Ал арада Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековдун атынан журналисттерге берилген себет белек социалдык тармакта талкуу жараткан тема болуп калды.
Белекти алган айрым ЖМК өкүлдөрү жер-жемиш, таттуу салынган себеттин сүрөтүн жарыялап, Орунбековго ыраазычылык билдирүүгө үлгүрүшкөн. Бул көрүнүштү сындап чыккандар муну “журналисттердин ишин дискредитациялоо” катары баалашууда. Кээ бири “журналист мамлекеттик органдардан белек албашы керектигин” айтып, Журналисттердин этика кодексин эске салууда.
Сөз эркиндигин алсыраткан мыйзамдар
Кыргызстандын медиа коомчулугун тынчсыздандырып жаткан “ЖМК жөнүндө” мыйзамды былтыр ноябрда президенттин администрациясы сунуштап, коомдук талкууга чыгарган. Анын негиздемесинде 1992-жылы кабыл алынган мыйзам заман талабына жооп бербей калганы жазылган.
Документ коомдук талкууга чыгарылгандан кийин өлкөдөгү медиа уюмдар, журналисттер жана бир катар юристтер камтамчылыгын билдирип чыккан. “Адилет” укуктук клиникасы мыйзам долбооруна көз карандысыз экспертиза жасап, анда “адамдын өз оюн эркин билдирүү укугуна кепилдиктерди четке каккан олуттуу тобокелдиктер бар” деген бүтүм чыгарган.
Бир жыл ичинде ал бир канча жолу өзгөртүлгөнүнө карабай, дагы деле бул мыйзамдын дарегине айтылган сындар басаңдай элек. 56 беренеден турган документте буга чейин медиа коомчулук каршы чыккан талаптар дагы деле бар экендиги айтылып келет.
“Медиа платформанын” мүчөсү, журналист Семетей Аманбековдун айтымында, каалаган мыйзам кайсы бир тармакты алдыга сүрөп, өнүктүрүүгө багытталышы керек. Ал эми “ЖМК жөнүндө” мыйзам долбоору басмырлап, бөгөттөп, куугунтуктоого багытталып калган.
“Эң чоң көйгөй - каттоодон башталып атат. Ал мыйзам боюнча ар бир электрондук сайт ЖМК катары атайын каттоодон өтүшү керек. Ушул тапта Кыргызстанда 29 миң сайт бар экен. Анан дал ушул каттоого ар кандай тоскоолдуктарды жаратып койгон. Мисалы, сайттын георграфиясын жазуу талабы бар. Аны жазбасаң каттабайт. Сайттын географиясын кантип жазууга мүмкүн? Мисалы, “Азаттыктын” сайтын кайсы жерде окуп жатканын билбейбиз да. Жаңы Зеландияда окуйбу же Австралиядан окуйбу? "Окубайт" деп жазсаң, бирок ал жерден бир эле окурман чыгып калса, "туура эмес жазгансың" деп каттабай коет. Ушул сыяктуу жасалма тоскоолдуктарды жаратып, болгон аракетин көрүп жатышат”.
Аманбековдун билдиришинче, мыйзам долбоору боюнча медиа коомчулук бир катар сунуштарын, бир катар эл аралык укуктук уюмдар, министрликтер бул мыйзам долбооруна каршы корутундусун бергени менен алар эске алынган эмес.
Ал эми ЖК депутаты Надира Нарматова сунуштаган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам чет өлкөдөн каржылык колдоо алган бейөкмөт уюмдарга "чет өлкөлүк өкүл" макамын берүү жана аларды текшерүүгө алуу беренелерин камтыйт. Бул мыйзам өлкөдөгү сөз эркиндигине, жарандык коомдун алсырашына алып келерин бир катар эл аралык уюмдар, элчиликтер билдирип келет.
Буга чейин Гүлшат Асылбаева парламентте депутат болуп турганда жазган “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамы узак талаштардан кийин 2021-жылы кабыл алынган. Бул мыйзам Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жалган маалымат таратты деп табылган сайтты соттун чечими жок жаап салууга укук берет. Анын негизинде “Азаттыктын” сайты былтыркы жылдын октябрынан тарта 2023-жылдын июль айынан чейин бөгөттөлүп турду. “Клооп”, “24.kg”, “ПолитКлиника” басылмаларына чыккан материалдарга каршы арыздар түштү. Учурда “Клооптун" сайтын жабуу боюнча сот иштери жүрүп жатат.
“Жоопкерчилик бир тараптуу болбошу керек”
Бийлик Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин, ал корголорун, ошол эле кезде журналисттер жоопкерчиликтүү болушу керектигин дайыма айтып келет. Журналисттердин жоопкерчилиги жөнүндө сөз президент Садыр Жапаровдун 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнүнө карата куттуктоосунда да айтылды.
“Заман жүгүнө жараша басылмалардын мүмкүнчүлүктөрү да кеңейүүдө, Интернет аркылуу окурмандардын саны да артууда. Мындай шартта жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин коом турмушунда болуп жаткан окуяларды чагылдыруудагы жоопкерчилиги дагы күчөйт. Анткен менен көп кылымдык басма салты жана ата мекендик жалпыга маалымдоо каражаттарынын басып өткөн тарыхы жоголгон жок деп ишенем”, - делет президенттин куттуктосунда.
Деген менен, журналист Аскер Сакыбаева президент сөз кылган жоопкерчилик “бир тараптуу болбошу керек” деп эсептейт:
“Жоопкерчилик деген сөздүн артында чоң жүк турат. Жоопкерчилик бир тараптуу болбосо деп айтар элем. Жоопкерчиликти жалаң эле журналисттерге, блогерлерге арта салуу туура эмес. Жоопкерчилик биринчи кезекте мамлекет башында тургандарда болушу керек. Азыр чын эле Кыргызстанда сөз эркиндиги коркунучтуу абалда. Бийликти, анын жасаган иштерин катуу сындагандарды бийлик дароо таап, эскертүү берип, такыр болбосо түз эле камап жатат. Мына ошондой эки кесиптешибиз Олжобай Шакир, Айданбек Акмат уулу жана башка өз оюн эркин билдирген биздин активдүү мекендештерибиз азыр камакта экенин баарыбыз билебиз. Мына ушундан улам Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы өтө начар. Биз муну коргоп калышыбыз керек. Эгер азыр аракет кылбасак, келечекте таптакыр жоготуп алышыбыз ыктымал".
Азыркы бийликтин тушунда бир катар эркин журналист жана блогер ар кандай кылмыш ишине айыпталып, айрымдары абакта отурат. Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиев "улут аралык кастыкты козутуу" деген айып менен камалып, үч жылдык пробациялык жаза менен бошотулган. Журналист Семетей Талас уулу экстремисттик материалдарды жайылтууга күнөлүү деп табылып, бир жылдык мөөнөттө пробациялык жаза чегерилген. Ушундай эле пробациялык жаза Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогерге дагы колдонулду. 20 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев “калайман башаламандык” беренесине айыпталып үй камагында.
Коррупция тууралуу курч иликтөөлөрү менен белгилүү журналист Болот Темиров былтыр ноябрда өлкөдөн мажбурлап чыгарылган.
"Азаттык" баштаган бир нече медиада иштеген аналитик журналист Айданбек Акмат уулу бир жылдан бери Кемпир-Абад иши боюнча тергөө абагында кармалып жатса, жазуучу жана публицист Олжобай Шакир "массалык башаламандык" уюштурууга айыпталып, автуст айынан бери УКМКнын тергөө абагында отурат.
Ал арада Эл аралык Freedom House уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошту. Бул уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгонун белгилеген.
"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.
Бүгүн, 7-ноябрда Кыргызстанда Маалымат жана басма сөз күнү белгиленүүдө. Ушул күнү, 1924-жылдын 7-ноябрында кыргыз тилиндеги алгачкы гезит “Эркин-Тоо” жарык көргөн. Өкмөттүн бул күндү жыл сайын кыргыз журналистикасынын күнү катары белгилөө тууралуу токтому 1993-жылдын 1-ноябрында чыккан.
“Журналисттер” коомдук бирикмесинин соңку маалыматына караганда, Кыргызстанда 206 гезит, TV, радио жана 22 белгилүү интернет басылма бар. Аларда эмгектенген журналисттердин саны 1875тин тегерегинде.