Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) кезектеги рейтингинде алты тепкичке артка кетип, 104-орунду ээледи. Буга чейин “акшумкарлар” ФИФАнын соңку рейтингинде 98-орунда болчу.
15-февралда жарыяланган рейтингдин көч башында Аргентине, Франция жана Англия турат.
Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстандын курамасы эки тепкич өйдө көтөрүлүп 66-орунга, Тажикстан позициясын жети баскычка жакшыртып 99-орунга илинди. Казакстан 100-орунга жазылып, буга чейинки көрсөткүчүн сактап калды.
Кыргызстандын курамасынын рейтингде ээлеген ордунан төмөн түшүшүнө Катарда өткөн Азия кубогундагы ийгиликсиз оюну негиз болду. Футбол боюнча улуттук курама команда Азия кубогунда тайпадан чыкпай калган. “Акшумкарлар” тайпалык баскычта алгач Тайландга 2:0, Сауд Арабиясына да ушундай эле эсеп менен жеңилген. F тайпасындагы акыркы оюнунда Оман менен беттешип, 1:1 эсебинде тең чыгып, үч беттеште бир гана гол киргизген.
Бул мелдештен кийин 29-январда Кыргыз футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков жана аткаруу комитети кызматтан кеткен. Алар уюмдун 19-февралда өтө турган кезексиз жыйынына чейин иштеп турат. Анда Кыргыз футбол бирлигинин президентин жана аткаруу комитетин шайлоо болот.
Кыргыз футбол союзунун президенттигине жалгыз Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү. (BTo)
Дагы караңыз
Израил атайын аскерлери Газанын Насер ооруканасына киргенин билдирдиСооронкулова Кемпир-Абад иши боюнча процесс адвокатсыз улантылганын “мыйзам бузуу” деп атадыБишкекте жасалма 45 миң долларды сатып жиберген топ кармалдыБлинкен иш сапар менен Албанияга бардыОрусияда сот президенттикке талапкер Надеждиндин арызын канааттандырган жокКазакстанда саясий туткун аталган активист абактан бошотулду"Тез жардамдын" жетекчилиги 18 млн сомду маяна катары мыйзамсыз алып алганы аныкталды15-февраль: Садыр Жапаровдун мүлкү, "кемпирабадчылардын" соту, Алматыдагы мигранттардын абалы