Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:11

Орусияда сот президенттикке талапкер Надеждиндин арызын канааттандырган жок


Борис Надеждин.
Борис Надеждин.

Орусиянын Жогорку соту президенттик шайлоого катышууга аракет кылган Борис Надеждиндин арызын канааттандыруудан баш тартты. Бул тууралуу ал өзү бүгүн 15-февралда билдирди.

Надеждин сотко бир аймакта катталган кол топтоочуларынын каттоосу башка аймактагы шайлоочулардын колун чогултуу укугун коргоп кайрылган. Себеби өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы ушул себепти жүйө келтирип, "аябай көп чогулган колду" жаратпай – Москвада нотариус аркылуу катталган кол чогултуучунун Хабаровск аймагынан чогултуп барган колдорун кабыл алуудан баш тартканы маалым болгон.

Надеждин кол топтоочулар ар бир аймактан барып нотариус аркылуу катталуусу зарыл деген норма мыйзамда жоктугун, Борбордук шайлоо комиссиясы ыйгарым укугунан аша чаап жатканын айтып сотко арызданган.

Шайлоо комиссиясынын өкүлү анын мындай позициясын «логикага туура келбейт» деп сындаган.

Надеждин топтогон колдордун арасынан 15% жаратпай коюшканы 5-февралда белгилүү болгон.

Москванын Украинага кол салуусун токтотууга ачык үндөп келе жаткан саясатчы Борис Надеждин 110 миңден ашуун кол топтой алганы, бул зарыл болгон 100 миң колдон көп экени маалымдалган.

“Жарандык демилге” партиясынан көрсөтүлүп жаткан, Өзбекстанда туулуп, кийин Орусияда жашап калган, бешинчи жолу президенттикке аттанып жаткан Владимир Путиндин саясатына каршы билдирүүлөрү менен белгилүү болгон 60 жаштагы Надеждин физика-математика илимдеринин кандидаты.

Ал саясатка 1990-жылдары аралаша баштаган. 2000-жылдардын башында Мамлекеттик думада «Оңчул күчтөр союзунан» депутат болгон.

Надеждиндин президенттикке аттанышын Орусиядагы оппозиционер саясатчылар Максим Кац, Михаил Ходорковский жана Кремлдин башкы сынчысы, азыр абакта кармалып отурган Алексей Навальныйдын тарапташтары колдошту. Анын талапкерлигин колдогондордон кол топтоо бекеттерине узун кезекке турган адамдардын сүрөт, видеолору социалдык түйүндөргө жарыяланып, талкуу жараткан.

Президенттик шайлоо Орусияда 15-17-март күндөрү өтөт, талапкер болуп катталуу үчүн кол топтоо 31 январда аяктайт.

Азыркы президент Путинден башка талапкерлер – Владислав Даванков ("Новые люди"), Леонид Слуцкий (ЛДПР) жана Николай Харитонов (КПРФ) федералдык мамлекеттик беш ТВ канал жана үч радиостанция аркылуу түз эфирде дебатка чыгышат. Путин бул шайлоодо да дебатка катышпай турган болду. (RK)

XS
SM
MD
LG