Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:00

15-февраль: Садыр Жапаровдун мүлкү, "кемпирабадчылардын" соту, Алматыдагы мигранттардын абалы


Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып тергөө абагында жаткандар. Калгандары үй-камагында.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып тергөө абагында жаткандар. Калгандары үй-камагында.

15-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Садыр Жапаров 20 млн долларлык мүлкүн мыйзамдаштырды

Мамлекет башчы мурда башкаларга катталган 20 млн долларлык мүлкүн мыйзам чегинде өзүнө каттатканын Фейсбуктагы баракчасына жазып, бул үчүн мамлекетке 1 млн сом төгүп бергенин билдирди. Чет өлкөдө каткан акчасы жоктугун, болсо алып келип Кыргызстандагы банктарга саларын кошумчалаган Жапаров кирешесин, мүлкүн башкаларга каттап, чет өлкөлөрдө жашырып жүргөн кыргызстандык бай жарандарды да кирешесин легалдаштырууга чакырды. Бул үчүн алардын коопсуздугуна мамлекет 100% кепилдик берерин эскертти. Эч кандай сурак болбосун, мындан ары ички жана тышкы инвесторлор үчүн бардык шарттарды түзүп берүүгө мамлекет бардык күчү жумшарын белгиледи.

“Кемпирабадчылар” президент сотто көрсөтмө берүүсүн талап кылышты

Кемпир-Абад иши боюнча соттолуп жаткан саясатчы-активисттер Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыковго кайрылуу жолдоп, президент Садыр Жапаровду күбө катары суракка алууну талап кылышты. Айыпталгандардын бири Азимбек Бекназаровдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган кайрылууга 21 адам кол койгон. Президент Жапаров былтыр 16-декабрда экинчи Элдик курултайда сүйлөп жатып, Кемпир-Абад ишин уюштурган башчысы бар экенин, ал чет өлкөнүн элчисинен акча алганы аныкталганын билдирген жана ушундан улам сот жабык өтүп жатканын айткан. “Кемпирабадчылар” ошондой эле УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевди, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовду, башкы прокурор Курманкул Зулушевди, вице-премьер-министр Эдил Байсаловду, ички иштер министри Уланбек Ниязовду, президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевди да күбө катары суроону өтүнүшкөн. Бул топтогу аткаминерлер да ар кайсы платформаларда Кемпир-Абад байланыштуу билдирүү жасаган же аны комментарийлешкен.


Милиция төрөттөн каза болгон келиндин өлүмү боюнча териштирүү баштады

Чүй облустук милициясынан "Азаттыкка" билдиргендей, Жайыл райондук ооруканасында төрөт учурунда каза болгон аялдын өлүмүнө байланыштуу териштирүү башталды. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон эмес. Мунун алдында маркумдун жакындары “Азаттыкка” комментарий берип, келиндин өлүмүнө дарыгерлердин шалаакылыгы себеп болгонун билдирген. 12-февралда 36 жаштагы келин төрөттөн кийин көз жумган. Саламаттык сактоо министрлиги окуядан кийин Жайыл райондук аймактык ооруканасынын директору, директордун дарылоо боюнча орун басары жана башкы медайым ээлеген кызматтарынан бошотулганын маалымдаган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда 2022-жылы 41, 2023-жылы 38 аял төрөттөн каза болгон.

Украинанын бир катар аймагы ракеталык чабуулга кабылды

Орусия Украинанын бир катар шаарына, анын ичинде борбор калаа Киевге ракеталык чабуул жасаганын аймактык жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлады. Киевдин аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко орусиялык ракеталардын баары атып түшүрүлгөнүн, эч ким жабыркабаганын билдирди. Львов шаарынын мэри Андрей Садовой жарылуунун кесепетинен бир нече жерде имараттардын терезелери талкаланганын, адамдар арасында жабыркагандар катталбаганын айтты. Запорожьенин губернатору Иван Федоров инфраструктуралык объектилердин бири талкаланганын, бир киши жараат алганын кабарлады. Ал эми Орусия батыш аймагындагы Курск шаарынан анча алыс эмес жерде мунай базасында өрт чыкканын маалымдап, буга Украинаны айыптады. Белгород облусунда ракеталык чабуулдан кеминде беш кишинин өмүрү кыйылганын, дагы 18 киши жараат алганын облус губернатору Вячеслав Гладков билдирди.

АКШга союздаш үч өлкө Израилди Рафахка чабуул жасабоого чакырды

Австралиянын, Канаданын жана Жаңы Зеландиянын лидерлери Израилге кайрылып, Газа секторунун түштүгүндөгү Рафах шаарында жердеги масштабдуу аскердик операциясын баштабоого чакырышты. Үч өлкө мындай операциянын кесепети «катастрофалык» болушу ыктымал экенин эскертти. «Бул шаарда 1,5 миллиондой палестиналык баш калкалап турат, алардын арасында биздин жарандар жана алардын үй-бүлөлөрү бар», — деп айтылды АКШнын союздаш үч өлкөсүнүн билдирүүсүндө. Газа секторундагы атышууну токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөрдүн соңкусу Египеттин ортомчулугу менен Каирде өтүп жатат. Египет негизги маселелер боюнча кеңешүү, сүйлөшүү дагы уланарын билдирди.

Тышкы иштер министрлиги Алматы базарында "кыргызстандыктарга басым болуп жатат" деген депутатка жооп берди

Кыргызстандын тышкы саясий мекемеси депутат Жанарбек Акаевдин Алматы шаарындагы “Алтын ордо” базарында иштеген кыргыз ишкерлеринин абалы тууралуу айтканына жооп берген билдирүү таратты. Башкы консулдук буга байланыштуу Казакстандын ТИМнин Алматыдагы өкүлчүлүгүнө жана Карасай райондук полиция бөлүмүнө тиешелүү кайрылуу (нота) жөнөткөн. Кыргыз консулу жакынкы күндөрү “Алтын ордо” соода комплексинин жетекчилиги менен жолугушат. Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев парламенттин 14-февралдагы жыйынында Казакстанда кыргызстандык мигранттарга жана ишкерлерге кысым болуп жатканына даттанган кайрылуулар түшүп жатканын айткан. Ал Алматыда камалган кыргызстандык ишкер Эрмек Маркабаевдин ишине байланыштуу башка кыргыз соодагерлерине басым болуп жатканын айткан.

Тогуз-Тородо хоккей аянтчасы курулуп, ишке берилди

Хоккей аянтчанын ачылышы өткөн дем алыш күндөрү болуп, анда Миң-Куштун жана Тогуз-Торонун хоккейчилери беттешкен. Тогуз-Торо хоккей лигасынын президенти Турдалы Аскарбековдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, ачык асман алдындагы аталган аянтчаны курууга Каргалык айыл өкмөтүнүн бюджетинен жана Тогуз-Торо өнүктүрүү фондунан 1,5 млн сом сарпталган. Хоккей аянттары Жумгал жана Ат-Башы райондорунда да бар. Кыргызстанда хоккей боюнча бир нече лига бар. Андан сырткары жылына үч жолу Жогорку дивизиондо Кыргызстандын чемпионатынын оюндары өтүп келет. Хоккей боюнча улуттук курама команда бир нече жолу эл аралык мелдештерде жеңишке жеткен.

XS
SM
MD
LG