Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:20

Бишкекте жасалма 45 миң долларды сатып жиберген топ кармалды


Жасалма акча сатууга шектелип кармалган 6 адам. УКМК тараткан сүрөт.
Жасалма акча сатууга шектелип кармалган 6 адам. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) финансы-банк секторунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын алкагында трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн аныктап, бөгөт койду. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, бул топ Кыргызстандын жана Казакстандын аймагында 100 АКШ доллары номиналындагы ири суммадагы жасалма банкнотторду сатып турган. Алар Кыргызстанда терминалдар аркылуу банктык карталарды толуктоо жолу менен жасалма акчаны “адалдап” келген. Ошондой эле жасалма валютаны Бишкек шаарындагы акча алмаштыруучу жайлар аркылуу да сатып турушкандыгы аныкталган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Кыргызстандын З.Р.М., Г.Ш.Д., З.С.Т., Б.Р.И. жана коңшу мамлекеттин Б.С.К., К.Б.Б. аттуу жарандары кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул топ рынокко киргизип жиберген 100 долларлык купюрадагы 45 миң АКШ долларынан ашык жасалма акча мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды.

Учурда аталган топко тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Ушундай эле факт боюнча буга чейин Р.У.Э. аттуу Кыргызстандын жараны кармалган. Ал 50 000 (элүү миң) жасалма АКШ долларын чыныгы 20 000 (жыйырма миң) АКШ долларына сатууга аракет кылган учурда колго түшкөн. Бул шектүү азыркы учурда атайын кызматтын тергөө абагында. (ErN)

XS
SM
MD
LG