Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:10

Израил атайын аскерлери Газанын Насер ооруканасына киргенин билдирди


Израил аскерлери Газада. Архивдик сүрөт.
Израил аскерлери Газада. Архивдик сүрөт.

Израил армиясынын (ЦАХАЛ) атайын бөлүгү бүгүн 15-февралда Газа секторунун түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарында жайгашкан ири Насер ооруканасында аскердик операция жүргүзгөнүн кабарлады.

ЦАХАЛдын өкүлү Даниэл Хагари оорукананын ичинде ХАМАС тобуна (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) каршы "так жана чектелген" операция ишке ашырылганын айтты:

«Бир катар булактардан жана барымтадан бошотулган адамдардан ХАМАС Насер ооруканасында адамдарды барымтада кармап турганы жөнүндө так маалымат түшкөн. Бейтаптарды жана дарыгерлерди эвакуациялоо зарылчылыгы жок экенин айтканбыз. Бирок ХАМАС жаратып жаткан коркунучтан алыс болуу керектигин, биз түзүп берген атайын гуманитардык коридор аркылуу кетүү зарылдыгын үн күчөткүч аркылуу араб тилинде айттырганбыз».

Газа секторундагы атышууну токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөрдүн соңкусу Египеттин ортомчулугу менен бул өлкөнүн борбору Каирде өтүп жатат. Израилдин делегациясы 13-февралда ал сүйлөшүүлөрүнөн чыгып кеткенин жергиликтүү жана америкалык жалпыга маалымдоо каражаттары кабарлашкан.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа секторунан Израилдин аймагына кол салып, 1200дөй адамды өлтүргөн, дагы жүздөгөн адамды барымтага алып кеткен, алардын жарымына жакыны бошотула элек. Жөөт армиясы бул үчүн Газага кирип, аскердик операциясын баштаган. Сектордун ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси бүгүнкү күнгө карата ал жакта 28 миңдей жай тургундун өмүрү кыйылганын кабарланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG