Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:14

Казакстанда саясий туткун аталган активист абактан бошотулду


Еркин Казиев (оңдо). Архивдик сүрөт.
Еркин Казиев (оңдо). Архивдик сүрөт.

Казакстанда бүгүн 15-февралда саясий туткундарды бошотуу талабы менен уюштурулган акцияларга катышып келген алматылык жарандык активист Еркин Казиев боштондукка чыкты. Активисттин тарапкерлери борбор калаа Астананын чет жакасында, ал отурган колониянын алдында чогулуп, тосуп алууну пландашканын, бирок абак кызматкерлери аны айткан дарегине өзүлөрү жеткирип коюшканы белгилүү болгонун «Азаттык» радиосунун казак кызматына айтып беришти.

— Түрмөнүн кызматкерлери адамдар топтолушун каалашкан эмес окшойт. Аны белгиленген сааттан эрте бошотушуптур, — деди активисттин жубайы Роза Кумакова.

Алматынын Карасай райондук соту Казиевди «тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышкан», «бийлик өкүлүнө күч колдонгон» деген айыптар менен былтыр апрель айында эки жылга жатак-абакка кескен. Жарандык активист өзү жана тарапкерлери мындай айыптоонун саясий өңүтү бар экенин айтып келишет.

2022-жылдын январь айында Казакстанда өкмөткө каршы нааразылык акциялары тутанып, адам өлүмүнө алып келген башаламандык орун алган, жүздөгөн киши полицияга каршылык көрсөткөнү үчүн кармалган. Казиев ошол кезде башка активисттер менен бирге Алматы облусунун Каскелен шаарында колу байланып, темир торго тиркелген абалда саясий арт-перфоманс уюштурган. Алар акциясын социалдык түйүндөр аркылуу түз көрсөтүп, аны «Казакстан — бир чоң түрмө» деп аташкан. Бул үчүн активистти ошол жылдын октябрында камакка алышкан.

Казакстандык укук коргоочулар Казиевди саясий туткундар тизмесине кошушкан. (RK)

XS
SM
MD
LG