Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы АКШнын жаранынан акча талап кылган деген шек менен кармалганын билдирди.
Мекеме 14-февралда тараткан маалыматка ылайык, 2023-жылдын декабрь айынын аягында АКШнын жараны облустук милициянын бөлүм башчысына (К.И.А.) зордуктоо, коркутуу жана шантаж кылуу фактысы боюнча Кыргызстандын жаранына (М.Н.М.) чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Бирок ал арыз жазылган адам менен келишип алып, АКШнын жаранынан (Н.Б.) 2 миллион сом талап кылганы аныкталган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, милиция кызматкери акчаны ортомчу киши аркылуу алууну көздөгөн.
Тергөөдө акчаны алуу үчүн М.Н.М. аттуу жаранды облустук милициянын бөлүм башчысы жеке автоунаасы менен алып келгендиги, ал жогорудагы жаранды кармоодо кылмыш болгон жерден качып кеткени такталган.
Кылмыш ишин тергөө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы 13-февралда пара талап кылган деген шек менен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. (BTo)
Дагы караңыз
Аббас ХАМАСты Израил менен келишимге тезирээк макул болууга чакырдыНиклассон: Борбор Азиянын Ооганстан боюнча өзгөчө ролу барБозгундагы беларус жазуучусу атасына иш козголгонун билдирдиТөрөттөн каза тапкан аялдын өлүмү: оорукана башчысы кызматтан алынды Сырский Авдеевкада абал өтө оор экенин айттыБишкекте Евробиримдиктин жана Борбор Азиянын Ооганстан боюнча жыйыны өттүКыргызстан быйыл Кытайга 10 миң тонна жаңгак экспорттойт14-февраль: Матраимовдун үйүнө мөөр басылды, тажик мигранттары дүрбөлөңгө түштү Иранда козголоңго шектелген төрт белужи өлүм жазасына соттолду