Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

Сырский Авдеевкада абал өтө оор экенин айтты


Александр Сырский. Архивдик сүрөт.
Александр Сырский. Архивдик сүрөт.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жаңы башкы командачысы Александр Сырский коргоо министри Рустем Умеров менен чогуу фронттун орус аскерлери чабуулдарын күчөткөн Авдеевка жана Купянск багыттарын барып көрүп келгенин бүгүн 14-февралда билдирди.

«Абал өтө оор жана чыңалган. Орусиялык оккупанттар күчтөнүүсүн улантып жатышат, алар саны жагынан да көбүрөөк болууда. Жоготууларына көңүл бурбай, адамдарын аябай, отко салып берген тактикасын улантып жатышат», — деди Сырский.

«Колубуздагы ресурстарды жана биздин аскерлердин муктаждыгын анализдеп чыктык. Жыйынтыгында биздин аскердик бөлүктөрдүн күжүрмөн дареметин бекемдөөгө жана душмандын аракеттерин алдын алууга багытталган бир катар маанилүү чечим кабыл алдым», — деген Сырский кандай чечимдер экенин тактаган жок.

Украинанын Донецк облусундагы чакан шаар Авдеевка үчүн орусиялык аскерлер согуш башталган 2022-жылдын февралынан бери кармашып келе жатышат. 5-февралда украиналык абройлуу DeepStateUA аналитикалык порталы бул шаарда абал начарлап баратканын, ал эми украиналык аскердик талдоочу Михаил Жирохов Украина же бул аймактагы гарнизонун бекемдеши, же аскерлерин чыгарып кетиши зарыл болуп турганын белгилешкен.

Өткөн аптада орусиялык мамлекеттик телеканалдар Авдеевканы дээрлик ээлей башташканын кабарлашкан. Ошондой эле Харьков облусундагы Купянск аймагында үч чакан кыштак да Орусиянын карамагына өткөнү маалымдалган. Украина бул билдирүүлөр боюнча комментарий берген эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG