Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:07

Бозгундагы беларус жазуучусу атасына иш козголгонун билдирди


Саша Филипенко.
Саша Филипенко.

Бозгундагы беларус жазуучусу Саша Филипенко мекенинде анын атасына кылмыш иши козголгонун билдирди. 13-февралда «Новая газета Европа» басылмасына курган маегинде ал Беларустун күч органдары атасына каршы кылмыш иши козголгонун расмий кабарлашканын, себеби эмнеде экени белгисиз болуп жатканын айтты.

Былтыр ноябрда алардын Минсктеги үйүндө тинтүү жүргөн. Автоматчан барган кишилер «Уулуңарга рахмат айткыла» деп, үйдөгү айрым буюмдарды, техниканы алып кетишкени жана атасын өкмөт экстремисттик деп тааныган сайттагы макаланы бөлүшүп койгону үчүн 13 суткага камаганы белгилүү болгон.

39 жаштагы жазуучу Филипенко Минск шаарында туулган, азыр чет өлкөдө жашайт. Ал орус тилинде жарык көргөн бир нече китептин автору. Чыгармалары он чакты тилге которулган, айрым романдарынын негизинде спектаклдер коюлган.

Филипенко 2020-жылы Беларуста президенттик шайлоо акыйкатсыз өткөнүнө, өлкөнүн авторитардык башчысы Александр Лукашенконун бийлиги дагы узартылганына нааразылык билдирип чыккандардын катарында болгон. 2022-жылы Орусия Украинага кол салганда Кремлди айыптап чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG