Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:17

Бишкекте Евробиримдиктин жана Борбор Азиянын Ооганстан боюнча жыйыны өттү


ЕБ жана БА мамлекеттеринин Ооганстан боюнча атайын өкүлдөрүнүн жана чабармандарынын кезектеги жолугушуусу. 2024-жылдын 14-февралы.
ЕБ жана БА мамлекеттеринин Ооганстан боюнча атайын өкүлдөрүнүн жана чабармандарынын кезектеги жолугушуусу. 2024-жылдын 14-февралы.

Бүгүн 14-февралда Бишкекте Европа Биримдигинин жана Борбор Азия мамлекеттеринин Ооганстан боюнча атайын өкүлдөрүнүн жана чабармандарынын кезектеги, бешинчи жолугушуусу өттү. Ага Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысынын атайын өкүлү жана БУУнун Ооганстанга көмөктөшүү боюнча миссиясынын башчысы Роза Отунбаева да катышты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, жолугушуунун катышуучулары Ооганстандагы азыркы абалды, окуяларды, Катардын борбор шаары Дохада өтө турган экинчи эл аралык жыйынга карата БУУ алкагында уюштурулуп жаткан иштердин жүрүшүн талкуулашты.

БУУнун мыйзамсыз маңзатка жана кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын, Борбор Азия өлкөлөрүнүн Кабулда иштеп жаткан дипломатиялык миссияларынын өкүлдөрү менен онлайн форматта пикир алмашуу болду.

Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү, элчи Терхи Хакала Х (мурдагы Twitter) социалдык түйүнүнө бүгүнкү жолугушуу үчүн Кыргызстанга ыраазычылыгын билдирип, «Бул дискуссия Ооганстанда узак мөөнөттүү тынчтыкты жана туруктуулукту орнотууга биргелешип көмөктөшүү маселесин талкуулоого шарт түздү» деп жазды.

2021-жылдын 15-августунда "Талибан" Кабулда бийликти басып алган, 31-августта АКШнын аскердик күчтөрү бул өлкөдөн чыгып кеткен. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Кыргызстан "Талибан" өкмөтүн расмий тааныбай турганын, бирок Кабул менен диалогго баруу зарыл экенин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG