Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

Кыргызстан быйыл Кытайга 10 миң тонна жаңгак экспорттойт


Кыргызстандын жаңгагы.
Кыргызстандын жаңгагы.

Кыргызстан 2024-жылдын башынан баштап Кытайга жаңгак экспорттой баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, коңшу өлкөнүн компаниялары менен 10 миң тонна жаңгакты Кытай Эл Республикасына экспорттоо боюнча келишим түзүлдү. Аталган аракеттер жаңгактын экспорттук потенциалын кеңейтүүгө жана Кыргызстандын продукциясы үчүн жаңы рынокторду издөөгө багытталган.

Кытай Кыргызстан менен коңшу болгону менен бул өлкө Бишкектен азык-түлүк, жашылча, жер жемиш жана кургатылган жемиштерди сатып алууга чек коюп келген. Кыргызстан фитосанитардык текшерүүлөрүн күчөтүп, айыл чарба азыктарынын сапатын жогорулаткан соң Бээжин товарлардын бир топ түрүн Кытайга экспорттого уруксат бере баштады.

Мунун алдында Кыргызстандын Министрлер кабинетинин Анкарага жасаган расмий иш сапарынын алкагында Кыргызстандан Түркияга 400 тонна жаңгак экспорттоо боюнча келишим түзүлгөн. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, жаңгактын алгачкы тобу 15-февралда Түркияга экспорттолот.

Былтыр октябрда Кыргызстанда жаңгактын түшүмү жакшы болгону менен багбандар аны сатууда кыйынчылыкка дуушар болуп жатканы Жогорку Кеңеште айтылган.

Кыргызстандагы жаңгак токойлорунун көбү Жалал-Абад облусунун Аксы, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондорунда жана Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG