Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:19

Иранда козголоңго шектелген төрт белужи өлүм жазасына соттолду


Ирандын Ислам революциялык соту белужи уруусундагы төрт жаранга "козголоң" үчүн өлүм жазасын чегерген өкүм чыгарды. Бул тууралуу бүгүн 14-февралда «Фарда» радиосу билдирди.

Аларга «мыйзамдуу имамга жана өлкөнүн ислам башкаруучусуна каршы чыккан» деген айып тагылган. Сот аталган төрт киши «революцияга каршы топторду түзүүгө аралашкан жана ошол топторго мүчө болгон» деп маалымдаган.

Соттолгон төрт киши – Эйдо Шахбахш, Абдул-Гани Шахбахш, Абдул-Рахим Канбарзехи Горгиж жана Сулейман Шахбахш азыркы тапта Караж шаарындагы Кезел Хесар түрмөсүндө кармалууда.

Ирандын калкынын 2% белужилер (2 миллионго жакын) түзөт.

АКШ жана ири эл аралык укук коргоо уюмдары Иранды адамдар өлүм жазасына эң көп тартылган Кытайдан кийинки эле өлкө катары айыптап келишет.

«Ирандагы адам укуктары боюнча борбор» (CHRI) уюмунун маалыматына караганда, 2023-жылы Иранда 700 адам дарга асылган. (RK)

XS
SM
MD
LG