Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши боюнча соттук отурум уланып жатат.
Маалыматка ылайык, 13-февралдагы жараянга көрсөтмө берүү үчүн коомдук-саясий ишмер Эмилбек Каптагаев, экс-вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Амангелди Бакиров жана Баткен облусунун губернаторунун мурдагы орун басары Саитжан Эратов келди.
Адахан Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген.
Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылууда. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралып жатканын билдиргени бар. Адахан Мадумаров ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.
Саясатчыны былтыр Бишкекте 2-сентябрда жашы жете элек уулун жетелеп жүргөн жеринен милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери кармап кеткен. Ошондон бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында жатат.
Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган.
Адахан Мадумаров коюлган айыптарды четке кагып, мунун баарын саясий куугунтук деп сыпаттап келет.
Саясатчынын иши боюнча Биринчи Май райондук сотунда жумасына эки жолу соттук отурум өтүп жатат. Ушул күнгө чейин 30дан ашык адам күбө катары көрсөтмө берди. Алардын арасында азыркы жана мурдагы чиновниктер да бар. (BTo)
Дагы караңыз
Украина ракеталык жана дрон чабуулуна кабылды, үч киши каза болдуБайден Газа боюнча келишим талкууланып жатканын айттыБишкек ЖЭБиндеги жарылуу: Диверсия, теракт деген божомол жокко чыкты Депутат Кожокулова мэрлердин ыйгарым укугу кеңейиши керектигин айтты Аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайтАрмения Азербайжан менен чек арасында бир нече аскери окко учканын билдирдиЖапаров кыргызстандыктар өнүгүүнү сезе баштаганын билдирдиДепутат сот кылып кыргыз тилин билгендерди дайындоону сунуштады