Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:17

Байден Газа боюнча келишим талкууланып жатканын айтты


Жо Байден.
Жо Байден.

Кошмо Штаттар Израил менен ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) ортосунда Газа секторунда атышууну кеминде алты аптага токтотуу, барымтадагыларды бошотуу келишимине жетишүү тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп жатканын 12-февралда АКШ президенти Жо Байден Вашингтондо Иорданиянын падышасы Абдалла II менен жолугушуудан кийинки биргелешкен пресс-конференцияда билдирди.

«Өтө эле көп. Өтө эле көп болуп кетти. Бул чыңалуунун айынан 27 миңден ашуун бейкүнөө палестиналык жай тургун, алардын арасында миңдеген бала каза болду. Биз палестиналык да, израилдик да элдин тынчтыгына, коопсуздугуна жетишүү үчүн активдүү иштеп жатабыз. Мен бул боюнча күнү-түнү иштеп жатам», - деди Байден.

Израил Газанын түштүгүндөгү операциясын Рафах шаарында да жүргүзө баштаганы кабарланууда.

АКШ да, Батыштын бир катар башка өлкөлөрү да Израилди Египет менен чектешкен бул шаарга жапырт чабуул баштоодон карманууга чакырып жатышат. Азыркы тапта ал жерде Газанын башка аймактарынан жөөт аскерлеринин соккуларынан качып барып, баш калкалап турган 1,3 миллиондой палестиналык бар экени маалымдалды. Бул сектордун жалпы калкынын жарымы.

Израилдин негизги союздашы АКШ соңку кезде анын Газадагы операциясына байланыштуу катаал позициясын билдирүүдө. Байден жөөт армиясынын сектордогу чабуулдарын «ашкере» деп атаган жана жай тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу планы болбосо операцияны улантпоого чакырган.

Израилдин жетекчилиги Газадагы чабуулдары ХАМАСка гана каршы багытталып жатканын, аны жеңмейинче токтобой турганын, башка жолу жок экенин айтууда.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа секторунан Израилдин аймагына кол салып, 1200дөй адамды өлтүргөн, дагы жүздөгөн адамды барымтага алып кеткен, алардын жарымына жакыны бошотула элек. Жөөт армиясы бул үчүн Газага кирип, аскердик операциясын баштаган. Сектордун ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси бүгүнкү күнгө карата ал жакта 28 миңдей жай тургундун өмүрү кыйылганын кабарланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG