Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:29

Бишкек ЖЭБиндеги жарылуу: Диверсия, теракт деген божомол жокко чыкты


Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ). Февраль, 2024-жыл.
Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ). Февраль, 2024-жыл.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) 2-февралда болгон жарылуунун себептеринин ичинен диверсия, теракт деген божомолдор жокко чыгарылды Бул тууралуу 13-февралда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин катышуусунда жарылуунун себептерин аныктоочу комиссиянын көчмө жыйында айтылды.

Жыйында комиссия мүчөлөрү ЖЭБдин аймагын кыдырып, жарылуудан жабыркаган имараттарды көрүштү. Жарылуунун кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштери менен таанышты.

Өкмөттүн сайтындагы маалыматка ылайык, 13-февралга карата Бишкек жылуулук борборунда 8000 метр чарчы чатыр калыбына келтирилди, 2000 тонна таштанды чыгарылды, 600 метр чарчы аянттагы конструкцияларды бекемдөө боюнча реставрациялык ширетүү иштери аяктады жана 10500 метр чарчы чатырдын аянты тазаланды.

Ушул тапта жарылуудан келтирилген чыгым эсептелип жатат. Мэрия “Бишкекжылуулук” ишканасы менен бирге жылуулукту жана ысык сууну өчүрүү мезгилине чейинки сарпталган энергияны кайра эсептеп жатат.

Бишкек ЖЭБиндеги жарылууда террордук акт жана диверсия белгилери аныкталбаганын мурдараак Башкы прокуратура билдирген.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек ЖЭБинде жарылуу болуп, электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелген. Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери дароо башталган, азыр уланууда. Жылуулук жана ысык суу берүү кайра калыбына келтирилген.

Президент Садыр Жапаров кырсык болгон күнү Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча улуттук “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде ЖЭБди толугу менен модернизациялоо тапшырмасын бергенин айткан. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров адистер ЖЭБди жарым-жартылай же толук модернизациялоо жолдорун изилдей турганын билдирген.

ЖЭБдеги аварияны изилдөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлүп, аны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектеп жатат. Башкы прокуратура окуя боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жүргүзүүдө.

Кырсыктан беш адам жабыркап, Бишкектеги "Тез жардам" борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга жөнөтүлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG